Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Шайлоо-2009: Интернетте алдыңкылар


Президенттикке талапкерлер шайлоо алдындагы үгүт иштерин башташканы, интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну да унутушкан жок. Ар бир талапкер интернет аркылуу үгүт маалыматтарын кеңири таратууга аракет кылышып, айрымдары өздөрүнө кыйла дурус сайттарды ачышты. Адистердин баамында, бул жолку президенттикке жарыштын бир айырмасы, интернеттеги он-лайн жыйындар уюштурулушу болду.

Компьютердик технологиялар, интернет менен алпурушкан кыргызстандык адистердин айтымында, бул жолку президенттик жарышка аттангандар мурдагы шайлоолорго караганда виртуалдык дүйнөнүн мүмкүнчүлүктөрүн көбүрөөк пайдаланууга аракет кылышууда.

Интернет айдыңына сереп салып турган адистердин пикиринде, көчөлөрдөгү жана мамлекеттик маалымат каражаттарындагы сыяктуу эле интернетте да учурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу маалыматтар көптүк кылат. Бирок алардын айрымдары өздөрү тууралуу интернеттен маалымат таркатып эле тим болбой, kg мейкиндигиндеги белгилүү форумдарда он-лайн жыйындарды уюштуруп, түз байланышта суроолорго жооп беришти. Буга чейинки президенттик шайлоолордо бир дагы талапкер шайлоочулары менен виртуалдык дүйнөдө жолугушуп, баарлашышкан эмес. Андыктан мындай кадамдарды колго алган талапкерлерди “жаңычыл” деп да баалашууда.

Бир катар адистер мындай аракеттердин келечеги чоң экендигин баса белгилешип, кайсы бир мезгил келгенде интернет технологиялардын таасири чоң болоруна, шайлоо жыйынтыктарына таасирин тийгизе аларына ишенишет.



Маркетолог, diesel.elcat.kg интернет форумунун дайымкы колдонуучусу Улан Оторбевдин айтымында, чынында он-лайн жыйындар талапкер тууралуу көп маалыматтарды ачып берүүгө жардам берет жана кыйла жаштар мындай баарлашуудан кийин талапкерлердин кимисине добуш берерин чечишет:

- Он-лайн жыйындардын бир топ жакшы жактары, артыктчылыктары бар. Мисалы, адамдар алыс жактарда жүргөн болсо, интернет аркылуу суроолорду берип, жоопторду ала алышат. Билесиңер, биздин жарандардын кыйласы АКШда, Орусияда ж.б. жактарда жүрүшөт. Интернет келечектин байланышы да. Кийин келечекте жалаң гана байланышты интернеттен уюштуруп калабыз. Бул жашоону бир топ жеңилдетет. Калп айтпасам Балтика боюндагы мамлекеттердин биринде, добуш берүүнү интернеттен да уюштуруу долбоорун карап жатышкан экен. Бизге деле келечекте ушундай мүмкүнчүлүк келсе жакшы болот да.

Ошентсе да айрым адистердин пикиринде, интернет технологиялары шайлоодо кыйла күч болчу заманга дагы көп бар. Анткени учурда Кыргызстан боюнча Бишкек, Ош жана Кара-Кол шаарларынын айрым тургундары гана интернеттеги он-лайн жыйындарга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ дешет.

Интернеттеги кыргыз гезиттери айылынын ээси, бир катар интернет форумдарынын колдонуучусу Жаныбек Жанызактын айтымында, азыркы айрым талапкерлердин интернеттеги жыйындары шайлоонун жыйынтыгына эч кандай таасирин тийгизе албайт жана андай мезгилге дагы көп бар:

- Азыр Кыргызстандагы интернет форумдары арасында эң эле эл көп отурган жер бул - diesel.elcat.kg деген жер. Бул жерде отургандардын кеминде 80-90 пайызы орус тилдүүлөр, орусча сүйлөгөн киргиздер. Интернет кыргыздын өзүнө жетиши үчүн, алды менен ошондой шарттарды түзүшү керек. Бул жерде чабалдык кылгандар көп. Интернет провайдерлердин да, өкмөттүн да кемчилиги бар. Өкмөт өзү тикелей көзөмөлдөп, интернетти облустук борборлордо өнүктүрсө, балким ошондо интернет аркылуу элди шайлоо процессине тартса болмок. Бул эми кыргыздын өзүнүн чабалдыгы, кызыкпагандыгы... Андыктан мындай ыкмалар азырынча шайлоонун күрөө тамырын билдире албайт.


Ушул күнгө чейин президенттикке талапкерлердин алтоонун экөөсү интернетте он-лайн жыйын өткөрүштү. diesel.elcat.kg форумунда уюштурулган он-лайн жыйынды алгачкы болуп президенттикке талапкер Жеңишбек Назаралиев баштап, андан кийин ушул эле форумда талапкер Темир Сариев суроолорго жооп берди. diesel.elcat.kg интернет форумунун учурда отуз миңден ашуун колдонуучулары бар.

XS
SM
MD
LG