Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Башкы мечит куруу иши коррупция менен башталдыбы?


Бишкектеги борбордук мечиттин тардыгынан улам жаңы мечит куруу маселеси көтөрүлүп, архитекторлор арасында мечиттин долбооруна конкурс жарыяланган. Учурда конкурска катышкан бир катар архитекторлор нааразычылыгын билдиришип, конкурс таза эмес өткөнүн айтышууда.

Бишкек шаарындагы борбордук мечит улам жыл өткөн сайын тардык кылып, кененирээк жерге жаңы мечит куруу маселеси көтөрүлүп келген. Муфтий Мураталы ажы Жуманов да буга чейин президент менен жолугушуусунда бул маселени козгоп, натыйжада 10 миң адам сыя турган жаңы мечит куруу сунушу жактырылган эле.

Башта жаңы мечит куруу үчүн Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия жана Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинен жер берилип, бирок ал жердин алдынан суу чыккандыктан курулуш жүргөн эмес. Натыйжада Бишкек шаарындагы Ысык-Көл кинотеатрынын жанынан борбордук мечит курууга 3 гектардан ашык жер бөлүнүп, архитекторлор арасында жаңы мечиттин макетин чийүүгө конкурс жарыяланган.

Конкурстун жыйынтыгында Бишкек шаардык башкы архитектурасынын Шаар куруу бөлүмүнүн башчысы Жыргалбек Асаналиевдин долбоору жактырылган. Бирок калган архитекторлор ага макул эместиктерин билдирип, долбоорлордун арасында Ж.Асаналиевдикинен да дурус иштер болгонун, конкурстун акыйкаттуулугу шек туудуруп жатканын айтышууда.

Конкурстун катышуучусу, Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университетинин окутуучусу Атамбек Бабланкуловдун айтымында, Ж.Асаналиевдин жеңди деген долбоору конкурска катышкан бир катар долбоорлордун деңгээлине жетпейт:

- Бул конкурска болгон менин нааразычылыгым, конкурс толук жакшы өтпөй калды. Конкурс толук жабык болду. Орусча айтканда “заказной, закрытый конкурс” деп аталат. Буга он архитектор чакырышты. Ошондо он долбоордун ичинен Жыргалбек Асаналиев деген жигиттин долбоору өтүп кетти. Анын долбоору мурдагы, эски долбоор болчу менин билгеним боюнча. Бул жерде аныкынан деле жакшы 4-5 долбоорлор бар болчу. Ошолордун арасынан деле тандашса болмок. Ал эми Жыргалбек Асаналиев учурда Бишкек башкы архитектурасында иштейт. Шаар куру бөлүмүнүн башчысы. Менин айтарым, мындан ары конкурстарды жакшынакай өткөрүш керек да. “Кол ээсине тартат” деп эле өз туугандарына тартпай, кыргызчылык кылбай, маданияттуу түрдө өткөрүш керек. Мындай конкурс жыл сайын эле болуп атпагандан кийин мындай кылган болбойт да. Мына, 15 жылдан бери ушундай чоң конкурс биринчи жолу болуп атат. Бишкектин окуу жайларынан жылына 100 чамалуу архитекторлор бүтүп чыгат. Алардын баары мыкты архитектор болгусу келет. Анан ушундай кылып отурсак болмок беле. Жаш таланттарды көтөрүш керек да. Ошондуктан архитекторлор буга нааразы.

Бишкектеги жаңы борбордук мечиттин курулушуна төрт миллион доллардан ашык каражат жумшалмакчы. Адистердин айтымында, бул мечит келечекте Борбор Азиядагы эң чоң мечиттердин катарына кошулат. Андыктан бул курулуштун сапаты жана сырткы көрүнүшү жогорку деңгээлде болушу керектиги айтылат.

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин жетекчиси Каныбек Нарбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, жаңы мечит куруу үчүн жарыяланган конкурс толук акыйкат өткөндүгүн билдирди. Анын айтымында, долбоорлорду баалаган калыстар тобуна мамлекеттик кызматта болбогон адистер да киргизилген. Андыктан бул жерде коррупция маселеси козголушу керек эмес:

- Борбордук мечиттин долбооруна чынында конкурс болгон. Бул конкурсту Кыргызстандын архитекторлор кеңеши болуп чогуу уюштурганбыз. Конкурстун шарттарын да чогуу жазганбыз. Бул жерде мен ката кеткен деп айта албайм. Конкурска 11 долбоор келди. Алардын ичинен үчөө тандалып алынды. Ар бир калыстын долбоорлор тууралуу ой-пикирлерин, баасын уктук. Муфтияттын да кишилерин чакырып, долбоор тууралуу ойлорун уктук. Ал үч долбоордун ичинен кийин бирөөнү тандап алдык. Ачык конкурс болду, кандайдыр бир жашыруун иштер болду деп айта албайм.

Айта кетсек, Кыргызстанда соңку жылдары мечиттердин саны кыйла өсүш көрсөттү. Маселен, 2004-жылы Бишкек шаарында 21 мечит болгон болсо, 2008-жылы алардын саны 35ке жеткен. Жалпысынан Кыргызстанда 2000 чамалуу мечиттер бар.

XS
SM
MD
LG