Дүйшөмбү шаарындагы жаңы синагога Евроазия жөөт конгресси-ЕАЕКнин катышуусу менен ачылып, диний салтанатка Түндүк Америка жана Израилден иудей раввиндери келишти. XIX-кылымда курулган бир кабаттуу эски синагога Тажикстан президентинин жаңы резиденциясы курулчу жайга туура келгендиктен 2003-жылдын майында бошотулууга тийиш эле.
Шаардын жөөт жамааты жалгыз ибадатканасынан айрылып калат деген регионалдык жана эларалык жөөт уюмдары, ошондой эле ЮНЕСКО кайрылып жатып, 2006-жылы синагогду сүздүрүү токтотулган. Жаңы ибадатканага орун алуу үчүн ЕАЕКнын төрагасы, атактуу бизнесмен Александр Мошкевич да президент Эмомали Рахмон жана беделдүү тажик ишкерлери менен жолугушкан.
Бул сүйлөшүүлөргө мартта Тажикстандын “Ориенбанкынын” башчысы, президент Рахмондун кайниси Хасан Ассадуллозода Нью-Йоркко барганда чекит коюлган.
Банкир-филантроп АКШ жана Канададагы бухаралык жөөттөр Конгрессинин төрагасы Борис Кандов менен болгон кездешүүдө Дүйшөмбүнүн ортолук бөлүгүндөгү кооз имаратты ибадаткана кылып пайдалангыла деп белек кылган.
“Бул сүйүнүчтүү кабар бизди абдан кубантты. Бул - “Ориенбанктын” төрагасы Хасан-аке Ассадуллозоданын сөзүн иши менен тастыктаган адам экенин дагы бир далили”, деп билдирген 28-мартта Б. Кандов “Азаттыктын” кабарчысына.
4-майда өткөн Дүйшөмбүдөгү жаңы синагогдун ачылыш аземинде башкы раввин Михаил Абдрахманов аксарайдай болгон ибадаткананын имаратын тартуу кылган тажик досторго астейдил алкыш айтты: "Бизге тажик досторубуз тартуу кылган аксарай үчүн биз абдан ыраазыбыз." А. Машкевич жаңы синагог башка да “Бейт Рахель” деп аталган синагогдордун катарын толуктап, Борбор Азиядагы жөөт жамаатынын өнүгүүсүнө чоң салым кошоорун белгиледи.
Жөөттөрдүн “Jewish-ru”глобалдык онлайн сайтынын маалымдашынча, XIX-кылым башында Дүйшөмбүдө алгачкы синагога курулган кезде шаарда эки жөөт маалеси болгон. 1956-жылы Дүйшөмбүдөгү эски синагога жана ага караштуу жер улутташтырылып, шаардагы экинчи синагога жана Хожент ибадатканасы жабылат.
Борбор Азия жөөттөрүнүн баш раввини Абе Давид Гуревичтин “Азаттыкка” айтышынча, СССР ыдыраганга чейин Тажикстанда 15 миң жөөт жашап, алардын 12 миңи күнүмдүк турмушта тажикче сүйлөгөн бухаралык жөөттөр болгон. Азыр өлкөдө 500дөй еврей болсо, алардын теңине жакыны Дүйшөмбүдө жашайт.