Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Дүйнөлүк байланыш базарында жаңылык - Nexus One


"Гугл" компаниясынын өндүрүш-сатык тармагынын вице-президенти Марио Kуэроз (Mario Queiroz) компаниянын баш кеңсесинде “акылдуу” уюлдук телефондун "төрөлгөнүн" жар салды. Маунтин Вю, Калифорния. 2010-жылдын 5-январы.
"Гугл" компаниясынын өндүрүш-сатык тармагынын вице-президенти Марио Kуэроз (Mario Queiroz) компаниянын баш кеңсесинде “акылдуу” уюлдук телефондун "төрөлгөнүн" жар салды. Маунтин Вю, Калифорния. 2010-жылдын 5-январы.

Дүйнөлүк маалымат желесиндеги Гугл (Google) издөө системасы "Нексус Бир" (Nexus One) деген аталыштагы жаңы уюулдук (чөнтөк) телефонун чыгарды.

"Нексус Бир" телефону буга чейин уюулдук (мобилдик) байланыш базарында белгилүү болгон Эппл (Apple) компаниясынын айФоун (iPhone) деп аталган чөнтөк телефонунун чыныгы атаандашы болуп калды.

"Нексус Бир" (Nexus One) уюлдук байланыш куралынын мүдөөлөрүнүн бири – Гугл компаниясынын интернеттеги рекламасын коргоо менен да байланыштуу. Анткени кадимки компьютерлерге караганда уюлдук телефон аркылуу интернет колдонуучулардын саны соңку кездерде күндөн күнгө өсүүдө. Гугл компаниясы уюлфонду да өз жайытына айландыруу үчүн алпурушууга аргасыздан барууда.

”Бүгүн биз "Нексус Бирдин" бет ачаарын жарыялайбыз!”

2010-жылдын 5-январында Гуглдын өндүрүш жана сатык тармагынын вице-президенти Марио Куэроз (Mario Queiroz) Калифорниядагы компаниянын баш кеңсесинде “акылдуу” уюлдук (чөнтөк) телефондун "төрөлгөнүн" жар салды.

Бул телефон дүйнөлүк интернет желесиндеги өтө зор Гугл (Google) издөө системасынын алгачкы электрондук жабдыгы болуп эсептелет.

Буга чейин компания интернеттеги маалымат кампасы, же интернеттеги айтып бергич катары дүйнөлүк маалымат желесинин бул тармагын толугу менен ээлеп алган.

Нексус Бир Google компаниясынын Эндроид (Android) ыкчам эсептөө (оперативдик) системасы менен жабдылган, колдонуучу телефондун айнек терезечесине колдун манжаларын тийгизүү менен жеңил-желпи иштетет.

Салмагы кебездей эле бар – болгону 130 грам жана калыңдыгы бир сантиметрге да жетпейт.

Бул уюлдук телефон ошондой эле үндү да тааныйт, эми электрондук каттарды тамгалап терип отурбастан, телефонго сүйлөп койсоңуз эле техт даяр болуп калат.

Дүйнөлүк таанымал Гугл компаниясы бул жаңы технологиялык табылгасын “супер фоун” - "мыктынын мыктысы болгон телефон" деп мактанычтуу атады.

“Нексус Бирдин" аныктамасы – телефон менен интернетти бириктирген жабдык экендиги.

"Нексус Бир" уюлфону - "Эндроид" (Android) оперативдүү системасын уюлдук телефонго ылайыкташтыруу мүмкүн экендигинин мыкты далили.

Жаңы телефон Гуглдын интернет дүкөнү аркылуу сатыла баштады жана бул тармакта алдыңкы сапты ээлеп келе жаткан "Эппл" компаниясынын "айФоун" телефондоруна чыныгы атаандаш боло алды.

"Нехус Бирди" жогорку технологиялар базарында чоң сыноолор күтүп турат.

Соңку эки жылда ошол эле "Эпплдин" 30 миллион уюулдук телефону сатылган, ага болгон кардарлардын саны дагы деле өсүүдө.

Гуглдын жаңы телефонунун баасы салыштырмалуу бир топ эле кымбат, эң арзан дегени 179 АКШ долларынан башталып, 500 доллардан ашат.

CNET.com интернет баракчасынын баяндамачысы Каролайн МакКартинин айтуусунда, эми кардарлар "Нексус Бир" уюлфону үчүн үчүн баштагыдан бир аз көбүрөөк төлөп, бирок өзүнө ыңгайлуу интернет байланышын сунуштоочу ар кандай компанияга уюлфонду каттата алат.

Бул - Гугл компаниясынын жаңы уюлдук телефонуна артыкчылык бере турган көрсөткүч.

Айта кетчү нерсе, АКШда азыр интернет менен камсыз кылган ишканалар ортосундагы тымызын согуш курч жүрүп жатат жана "ким канчалык ыкчам жана сапаттуу тейлей алат?" деген атаандаштык абдан күч.

"Нексус Бирдин" дагы бир максаты - Гугл компаниясынын интернеттеги рекламалык ишкердүүлүгүн коргоо болуп саналат.

Белгилей кетчү нерсе, Гугл дүйнөлүк маалымат желеси аркылуу жылына 20 миллиардан ашуун долларлык реклама-жарнактарды интернет кардарларына сатат.

Күндөн-күнгө карапайым адамдар интернетти компьютерге караганда, уюлдук телефон аркылуу көбүрөөк пайдалана баштады.

Бул болсо интернеттеги Гугл издөө системасына болгон муктаждыкты азайтып да коюшу мүмкүн деген кооптонууну да пайда кылган.

Гугл компаниясынын айтуусунда, "Нексус Бир" америкалык гана кардарларды тейлеп чектелбестен, жер жүзүнүн башка аймактарына да ыңгайлаштырылат.

Быйыл жазга маал европалык Водафоун (Vodafone) компаниясынын уюлдук телефон колдонуучулары үчүн атайын ылайыкташкан "Нексус Бир" уюлфонунун өндүрүштөн чыгаары күтүлүүдө.

Жергиликтүү адистердин айтымында, Кыргызстандын байланыш базарына мындай жогорку технолгиялык табылганын келиши бир катар себептер менен кечеңдеши мүмкүн.

- Биринчиден, бул жергиликтүү базар үчүн "Нексус Бир" уюлфонунун баасынын кымбаттыгы. Экинчиден, Америка тараптан келген көпчүлүк уюлдук телефон аппараттары биздин стандарттарга туура келбегендиктен, көп проблемалар чыгат. Үчүнчүдөн, жаныбызда Кытай мамлекети тургандыктан, жаңы "Нексус Бир" телефонунун жергиликтүү базарга (рынок) сиңип кетишинин күмөнү чоң деп ойлойм, - деген пикири менен маалымат технологиялары боюнча бишкектик адис Съезд Бекжанов бөлүштү.

Бирок Кытайдагы автордук укуктарды көз жаздымда калтырган нечендеген компаниялар бул жаңы уюлфонго окшогон аспаптарды да тымызын чыгарып, анын Батыштан сырткаркы дүйнөдөгү баасын түшүрүүгө таасир тийгизиши да ажеп эмес.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG