Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Бейтарап өлкөлөр саясый ордун издөөдө


Кубанын президенти Раул Кастро, Египеттин президенти Хосни Мубарак жана БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Бейтарап өлкөлөр кыйымылынын саммитинде. Шарм эл-Шейх.
Кубанын президенти Раул Кастро, Египеттин президенти Хосни Мубарак жана БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Бейтарап өлкөлөр кыйымылынын саммитинде. Шарм эл-Шейх.

Шаршембиде Египетте ачылган бейтарап өлкөлөр кыймылынын 15-саммитинде дүйнөлүк экономикалык кризис талкууланат деп күтүлүүдө. Бул кыймыл 1961-жылы СССР менен Батыштын таасири астында болбоо максатында түзүлгөн.

Бейтарап өлкөлөр кыймылынын Египеттин Шарм эл-Шейх курортунда ачылган саммити Кубанын президенти Раул Кастронун кайрылуу сөзү менен башталды. Жыйынга өнүгүп бараткан 119 өлкө, анын ичинде 55 мамлекеттин башчылары келген. Кастро өз сөзүндө бардык өлкөлөр тегиз катышкан жаңы эл аралык финансы-экономикалык уюм түзүүгө чакырды. Мурадкы Советтер Союзунун

"Экономикалык улутчулдук күчөп баратканын эскерткен белгилер бар. Өнөр жай тармагыны субсидиялоо, тарифтерди көбөйтүү жана протекционистик чаралар дүйнөлүк экономикалык өсүүгө кедерги гана болот."
Пан Ги Мун.

союздашы Кубанын лидери бейтарап өлкөлөр чоң державалардын атаандаштыгынан дайыма эркин болгон деп, сөзүнөн тайды. Кыймыл не Советтер Союзунун не Батыштын таасири астында болбоо максатында түзүлгөнү менен, анын мүчөлөрү дайыма кубаттуу державаларга таянып келген.

Бүгүн кыймыл изденүү жолунда. Эки уюлдуу дүйнө жоголуп, анын ордуна пайда болгон G8, G14 жана G20 сыяктуу форматтар өнүккөн жана өнүгүү жолундагы өлкөлөрдү байланыштырчу форумга айланууда.

Египеттин тышкы иштер министри Ахмед Абдул Гейттин сөзүнчө, Шарм эл-Шейхтеги эки күндүк жыйындын максаты - эл аралык жаңы тартипти түзүү. Улуттар Уюмунун башкатчысы Пан Ги Мун жыйында сүйлөп, экономикалык рессеция өнүгүү жолундагы
БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун
дүйнөнү калдактатып жаткан кезде бейтарап өлкөлөр кыймылына өз баалуулуктарын аныктап алуу маанилүү деди:

- Бейтарап кыймылдын узак жылдар бою өнүгүүгө жана социалдык адилеттүүлүккө умтулуусу бүгүн дүйнө кабылган олуттуу экономикалык жана финансылык кризис тушунда актуалдуу. Кризистин таасирин бардык өлкөлөр сезишүүдө, бирок кээ бир өнүгүп бараткан өлкөлөр, анын ичинде бейтарап кыймылга кирген өлкөлөрдө жашаган миллиондогон адамдар көп жапа тартууда.

Бан соңку мезгилде дүйнөлүк кризистин кесепетинен ички базарды коргоо кеңири жайылып баратканына тынчсызданганын да билдирди:

-Экономикалык улутчулдук күчөп баратканын эскерткен белгилер бар. Өнөр жай тармагыны субсидиялоо, тарифтерди көбөйтүү жана протекционистик чаралар дүйнөлүк экономикалык өсүүгө кедерги гана болот. Биз бул нерселерге каршы турушубуз шарт. Эркин жана адилет соода экономиканын оңолуусуна жана өсүүсүнө олуттуу түрткү берет.

Кызыл деңиз борюндагы Шарм эл-Шейх курортундагы жыйынга Иран президенти Ахмединежад келген жок. Себеби, Иран египеттик диссиденттерди колдойт, Египет аркылуу Газа секторуна курал өткөрүүгө аракет кылды деген шектенүүгө байланыштуу Египет конок ээси катары Ахмединежадка чакыруу жибрген эмес. Ошон үчүн жыйынга Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки катышууда.

Жыйында Индиянын премьер-министри Манмохан Синх Пакистандын президенти Юсуф Реза Гилани менен кездешип, өз ара мамилени жакшыртуунун жолдорун талкуулашат деп күтүлүүдө. Индия Пакистанды 170тен ашуун адамдын өмүрүн жалмаган Мумбайдагы террордук чабуулга катышы бар деп күнөөлөгөн. Индиялык ырасмий булактар эки лидердин жолугушуусу “чечүүчү мааниге ээ” дешет. Маалыматтарга караганда, Пакистан Мумбай окуясынан кийин эки өлкө арасында бузулган диалогду улунтууга өтө дилгир.

Бейтарап өлкөлөр кыймылына мүчө өлкөлөрдө азыр дүйнө калкынын теңинен көбү жашайт. Борбор Азиядан кыймылга Түркмөнстан жана Өзбекстан мүчө.

XS
SM
MD
LG