Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Европалык полициячылар тобу Кыргызстанга барат


ЕККУнун Кыргызстанга полициячылар жөнөтүү чечимин чыр-чатактарды алдын-алуу борборунун башчысы Херберт Салбер жарыялаган. 16-июль, 2010. Алматы.
ЕККУнун Кыргызстанга полициячылар жөнөтүү чечимин чыр-чатактарды алдын-алуу борборунун башчысы Херберт Салбер жарыялаган. 16-июль, 2010. Алматы.

Бейшембиде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Туруктуу кеңеши Кыргызстандын түштүгүнө 52 полициячы офицерди жөнөтүү маселесин жактырды. Документте айтылгандай, полициячылар тобу Кыргызстанга төрт айга жөнөтүлөт, алардын миссия мөөнөтү кийин узартылышы мүмкүн.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө 56 өлкөнүн элчилери Венадагы жыйында полициянын ишине көмөктөшө турган офицерлер тобун Кыргызстанга токтоосуз жөнөтүү тууралуу чечимди жактырды. Миссия кандай максат менен баратканын ЕККУнун басма сөз катчысы Виржини Колейдон “Азаттыкка” чечмелеп: “50дөй офицерден турган топто курал-жарак болбойт. Алар жергиликтүү ички иштер органдарын башкарууга укугу жок. Адамдарды камакка алалбайт. Алар кыргыз милициясын машыктырып, жардам берүүнү гана көздөйт”, - деген маалымат берди.

Документте айтылгандай, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полициячылар тобу Кыргызстанга төрт айга жөнөтүлөт, алардын миссия мөөнөтү кийин узартылышы мүмкүн. Европалык полициячылар Ош менен Жалал-Абадда улуттар аралык мамилелердеги чыңалууну азайтып, жергиликтүү тартип коргоо органдарынын бейпилдик операцияларын туура уюштуруп-аркалоого көмөктөшөт.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун мындай демилгесине башында эле колдоо билдирген. “Алардын мөөнөтү абдан чектелүү, төрт айга келишет. Куралсыз топ болот”, - деп түшүндүргөн өткөн жумада кыргыз президенти.

Ошол эле маалда мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков баш болгон бир катар саясатчылар европалык полиция күчтөрүн киргизүүнүн зарылдыгы жок, кырдаалды жөнгө салууга өзүбүздүн күчүбүз жетет деп кайталап келатышат. “Азаттыктын” Ошто жүргөн серепчиси Брюс Панниер менен болгон маегинде шаршембиде Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов чет элдик полициячылардын жардамы натыйжалуу болорунан күмөн санаарын айткан. “Алар биздин кулк-мүнөз, өзгөчөлүк, салт-адатыбызды билишпейт, - деген ал. - Мен ар дайым биздин жарандар тарапта болушум керек, ошондуктан ушундай көз карашка кошулам”.

Мелис Мырзакматов антип, жарандардын көбү эл аралык полиция күчтөрүнө каршы дегени менен, “Азаттыктын” кабарчысы менен көчөлөрдө маектешкен көпчүлүк оштуктар бейпилдикти бекемдеп, эл коркуп-үркпөй кадимки жашоосуна кайтыш үчүн сөзсүз бейтарап, сырттан келген күчтөрдү пайдалануу зарыл деп айтышкан.

Өзбек улутундагы жаш жигит күн алыс аскердик кийимчен ондогон адамдар келип, үйлөрдү тинтип, жергиликтүү жашоочуларды кармап кетип жатканын, аларга кандай айып тагылып, канчага камалганын эч ким билбейт, ушундай окуялардан улам кантип тынч жашайбыз деп суроо коет.

Ош шаарындагы эл оозунда Кирпичный деп аталган райондун жашоочулары жергиликтүү милиция жана рейддерди өткөргөн атайын күчтөр кыргыз улутундагылар болгондуктан, атайын операциялар маалында өзбектерди жектеп-жемелөө орун алып жатканын, андай маалда бейкүнөө адамдар абдан басынып, коркуп-корунуп калаарын айтып беришкен.

Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комиссары Нави Пиллай тараткан билдирүүдө “Кыргызстандын түштүгүндө жергиликтүү өзбектерди кармап, абакка салуу, уруп-сабоо, кыйноо фактылары көп катталып жатканын” эскерткен. Оштун мэри Мелис Мырзакматов жана башка жергиликтүү жетекчилер мындай билдирүүлөрдү четке кагып, “бизде андай маалымат жок” деп келатышат.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун чектелүү сандагы полиция офицерлери Ош менен Жалал-Абадда кыргыз тартип коргоо органдарынын ишине канчалык жардам берет алат, аларга элдин ишеничин калыбына келтирүүгө көмөктөшө алабы – аны убакыт көрсөтөт. Европалык полиция күчтөрүнүн кызмат мөөнөтүн узартып, же алардын санын көбөйтүү маселелери кыргыз бийликтеринин макулдугу менен гана чечилчү маселе.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG