Финляндиянын тышкы иштер министри Александер Стубб Хельсинкиге элүү министр келип, регионалдык коопсуздук проблемаларын бир үстөлдө олтуруп талкуулап жатышканын эле чоң жетишкендик катары баалады. “Мындай учур уюмдун тарыхында буга чейин болгон эмес”,-деп белгиледи ал.
Жаңы жылда Финляндия уюмга төрагалык кылуу милдетин тапшырат. Стуббдун айтымында, быйыл уюмдун иши активдешип, күчтөнө баштады. Болгону Грузиядагы согуш гана “жаман жаңылык” болду. Мунун айынан Батыш менен Россиянын мамилеси бузулду.
Бул жагдайга кайрылып, Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган Москванын чечимин Евросоюздун бардык өлкөлөрү айыптай турганын дагы бир жолу ырастады.
Жыйында министрлер бул сыяктуу окуяларды алдын алуунун жолдорун талкуулашат. Ушул аңытта “тоңуп калган” жаңжалдарга кайрылышат.Стубб быйыл “Тоолуу Карабахта айрым жылыштар байкалды, Молдово-Трансднестрде да ушундай жышаандар бар” деп эсептейт.
Ошентсе да жыйында европалык коопсуздуктун жаңы архитектурасына байланыштуу президенттер Медведев менен Саркози сунуш кылган идеялар министрлердин кызуу жана жандуу талкуусуна алынат сыяктанат. Москванын пландары менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавров тааныштырганы жатат. Орустардын демилгелеринде күтүүсүз деле сунуштар жок өңдөнөт. Алардын көбү,Стубб ырастагандай, уюмга кирген өлкөлөрдө эле эмес, НАТОдо, Евросоюзда эбактан бери эле жетекчиликке алынып келатат.
Ал эми АКШнын өкүлдөрү болсо Москванын демилгелери түбү барып НАТОну начарлатууга багытталганын эскертишти. Мамлекеттик катчынын жардамчысы Мэтью Брайза орустар болгону жакшы иштеп жаткан коопсуздук институттарын бүлүнткүсү келет, бу жагынан алар НАТОго өзгөчө кастарын тигип калышты деген пикирин билдирди.
Биринчи күндөгү талкууларда Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев да сөз сүйлөдү. Кыргыз президенти терроризмге каршы күрөштүн эл аралык актыларын иштеп чыгуу максатында Борборазияда уюмдун парламенттик жумушчу тобун түзүүнү сунуш кылганын эске салып, Карабаев дүйнөлүк коопсуздуктун укуктук негиздерин чыңдоо зарылдыгына токтолду. Ушул өңүттө ал жалпы европалык коопсуздук келишими жөнүндөгү Москванын демилгесин Кыргызстан колдой турганын ырастады. Кыргыз министри белгилегендей, бу документке борборазиялык өлкөлөр кошулуп, жалпы эсепте ал европалык эле эмес,евразиялык масштабда болушу керек.