Россиянын сунуштары менен жыйындын катышуучуларын жума күнү орус тышкы иштер министри Сергей Лавров тааныштырды. Ал Евроатлантикадагы кырдаал дүйнөнүн башка бөлүктөрүндөгү абалга айныксыз таасир тийгизе турганын белгиледи. “Эгер жалпы европалык коопсуздук келишими түзүлсө, Евроатлантика аймагынан тышкары турган мамлекеттер үчүн да бул позитивдүү мааниге ээ болмок. Европада стабилдүүлүктү камсыз кылуунун бекем негиздери пайда болгон учурда региондо кимдир бирөө башка бирөөгө коркунуч келтирип жатат деген күмөн-күдүктөр жаралбайт эле”, - деп билдирди Лавров.
Москванын бул сунуштарынан айрым өлкөлөрдүн,алардын ичинде АКШнын өкүлдөрү Атлантиканын аркы жана берки өйүзүн ажырымдап,биринчи кезекте НАТОну алсыратуу мүдөөсүн көрүштү.
Лавров мындай пикирлерге жооп кайтарып, Россия өзү катышпаган структураларды, айрыкча НАТОну жок кыла албай турганын эске салды. Анын айтымында, кеп бул жөнүндө эмес, жалпы проблемаларга бирдей карап,аларды чечүүнүн орток жолдорун табуу туурасында болуп жатат.
Жалпы европалык коопсуздук маселеси боюнча эмдиги жылы жогорку деңгээлде жолугушуу өткөрүү тууралуу Лавровдун сунушу да ЕККУ жыйынында колдоо тапкан жок.
“Мындай саммитти өтө шашылып, апыл-тапыл уюштура салуунун таптакыр кажети жок”, - деп айтты АКШнын мамлекеттик катчысынын орунбасары Дениэл Фрид.
Америкалык өкүлдөр бул маселени эксперттер деңгээлинде, атүгүл эки тараптуу форматта талкуулоо зарылдыгын айтышты. Москва буга макул болсо, анда ага катышканга америкалыктар даяр.
Лавров уюмдун реформасына кайрылып, Россия анын жоюлуп кетишине кызыкдар эместигин ырастады. Ошол эле учурда уюм жаңы талаптарга ылайык жаңыланбаса, азыркы абалында өз озуйпасын аткара албай каларын, куралдуу жаңжалдарды алдын алалбай турганын эскертти.
Мындан тышкары Лавров Грузиянын Цхинвалга кол салганы жатканын уюм күн мурунтан билген деген маалыматтын чын же калп экенин териштирип чыгууну талап кылды. Буга байланыштуу ал уюмдун Түштүк Осетиядагы байкоочуларынын мандатын узартканга Москва каршы экенин билдирди.
Ушул маселе жана Россиянын сунуштары кызуу талаш-тартыштарды пайда кылып, натыйжада Хельсинкиде эки күн жыйын курган элүү министр эч кандай документ кабыл албай,тарап кетишти.