Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:16

Обаманын cөзү оң бааланууда


Барак Обаманын сөзүн көңкү мусулман жамааты, анын ичинде Индонезиядагы саясий илимпоздор менен журналисттер да кулак төшөп, кунтун коюп угушту.
Барак Обаманын сөзүн көңкү мусулман жамааты, анын ичинде Индонезиядагы саясий илимпоздор менен журналисттер да кулак төшөп, кунтун коюп угушту.

АКШ президенти Барак Обаманын Каирде сүйлөгөн сөзү мусулман дүйнөсүндө жалпысынан жакшы апазга арзыды. Ошол эле учурда ага абайлана баа бергендер, атүгүл четке каккандар да болуп жатат.

АКШ президентинин сөзүн палестин бийликтери "жаңы башталыш" жана "маанилүү саясий кадам" катарында кабыл алышты. Махмуд Аббастын кеңешчиси билдиргендей, автономиянын жетекчилиги "адилеттүү тынчтыкка палестин мамлекетин түзүү аркылуу гана жетишүү мүмкүн экенин Обама Израилге таасын туюнтту" деп эсептейт.

Израил өкмөтү ырасмий билдирүү жарыялап, америкалык президенттин Каирдеги кайрылуусу еврейлер менен мусулман жамааты ортосундагы жылымтыкка тамызгы болуп берерине үмүтүн билдирди.

Байкоочулардын көбү Обама жаңжалдашкан эки тараптын эч кимине тартпай, ошол эле учурда аларга катаң талаптарды койду дешет. Айрымдарга болсо Израилдин атына айтылган кептер америкалык мурдагы президенттердин сөздөрүнө караганда биртке катуу чыккандай болду.

Арап мамлекеттер лигасынын баш катчысы Амр Муса Каирдеги кайрылууну кылдат теңдемде түзүлгөн,жаңы мамилелерге нук сала турган сөз таризинде мүнөздөдү. "Бизде өтө чоң үмүттөр бар, менимче, ал проблемаларды, жалпы эле дүйнөнү көрө билүү жагынан ошол үмүттөрдү актады. Саясий жактан да алга жыларыбызга ишенем”,-деп айтты баш катчы.

Ушу тушта Газаны колунда кармап турган радикалдуу "Хамас" тобунун лидерлери Вашингтондун саясатында карама-каршылыктуу жактар бар экенин кайталап, ошентсе да Обаманын сөзүн айрым бир "өзгөрүүлөрдүн жышаанына" жорушту.

Коңшулаш Ливанда "хезболлачы" депутат Хасан Фадлалла,тескерисинче, америкалык президенттин сөзүн "саясий сөөмөткө" теңеп, Вашингтонду акыл-насаат айткандан көрө "израилдиктердин региондогу, өзгөчө ливандыктар менен палестиналыктарга каршы агрессиясын колдогонун токтотуп, өз аскерлерин Ирактан жана Ооганстандан чыгарып кетүүгө" чакырды.

Египеттеги "Мусулман боордоштору" тобунан Мухамед Хабиб америкалык президент палестин маселесинде "адилетсиз келечекти" сунуш кылды, бу жагынан ал "Жорж Буштан жана неоконсерваторлордун көз карашынан алыстап кете алган жок" деген кескин бүтүм жасады. Бирок анын абройлуу "боордошу" Эссан ал Эриан "эгер Израилди толук колдоп, Иракта, Сомалиде, Ооганстанда согуш баштаган Буштун жана мурдагы президенттердин стратегиясын Обаманын өкмөтү өзгөртсө, анда бул жакшы башталыш болуп калышы мүмкүн" экенин баса көрсөттү.

Каирдеги кайрылууну Ирак өкмөтүнүн өкүлү "тарыхый жана маанилүү сөз" деп атап, айтылган кепти иш менен бекемдөө зарыл болуп турганын кошумчалады.

Ал эми Багдад университетинин аналитиги Хазим ал-Нуами ирактыктар үчүн жаңы деле сөз уга алган жок. "Обама болгону Иракта болгон бардык балааматтар үчүн жоопкерчиликти өзүнөн алып салгысы келип жатат",-деп айтты ал.

Мисирлик профессор, ооган маселелери боюнча эксперт Абдулла Атай болсо Обаманын сөзүн "тарыхый бурулуш" маанисинде сыпаттап, эми мусулман дүйнөсүндө "Ал-Каиданы" өгөйлөө процесси күч алышы ыктымал деп божомолдойт.

Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында жашаган тургундардын бири: "Обама жакшы сөздөрдү айтып, мусулмандардын көңүлүн жайкап жатканда бизди америкалыктардын учактары бомбалап кетишти. Ал ушул өрттү өчүрсө бизге өтө пайдалуу болмок",-деп кыжаалаттанды.

Обаманын кайрылуусу Россиядагы, Борборазиядагы мусулмандар арасында да негизинен кубаттаган пикирлерди жаратты.

Евросоюздун тышкы саясаты боюнча жогорку өкүлү Хавер Солана атайын мусулмандарга арналган Обаманын кайрылуусун "чыгаан сөз" болду деп баалады жана Батыш менен ислам дүйнөсүнүн мамилелеринде жаңы этап башталарына ишеничин билдирди.

Тасмада: Барак Обама Египетте

Үмүт отун жандырган сөздөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

 

XS
SM
MD
LG