Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Обама Ооганстанга кошумча аскер жөнөтөт


Кандагар - Бул жерде шейшемби күнү бомба жарылды.
Кандагар - Бул жерде шейшемби күнү бомба жарылды.

Жакынкы айларда АКШ Ооганстанга дагы бир бригада аскер, деңиз пехотасын жана көмөкчү бөлүктөрдү жөнөтөт. Президент Барак Обаманын бул чечимин Ак үй шейшемби күнү жарыялады.

Президенттин чечими Пентагонго берилгенин, буйрукка шейшемби күнү кол коюлганын Ак үйдүн маалымат катчысы Роберт Гиббс ырастады. Президент Обама ушу кезге чейин Ооганстанга стратегиялык мааниде көңүл бурулбай келген,буга ал азыр өтө муктаж болуп турат деп эсептейт.

Кабыл алынган чечимге ылайык быйыл жазда Ооганстанга сегиз миңдүү деңиз пехотасы киргизилет,жайга барып дагы тогуз миң жөө аскер жөнөтүлөт. Баары болуп бул жердеги контингент 17 миң аскер күчү менен толукталат.

Ооганстанда ушу тапта НАТОлук контингенттин курамында америкалыктардын 14 миң солдаты бар, дагы 19 миңдейи тикелей АКШнын командачылыгы астында кызмат кылат. Алардан тышкары НАТОнун контингенти 38 миңге жетет.

Канаданын телеканалындагы сөзүндө Обама Ооганстанда абал улам начарлап баратканын,коопсуздукту бекемдөө үчүн кечиктирилгис чаралар зарылдыгын белгиледи. Ошону менен катар Обама ооган проблемасын чечүүдө жана бул өлкөдөгү куралдуу жаңжалдарды басууда аскерий каражаттардан тышкары дипломатиялык, экономикалык маанидеги комплекстүү чаралар керектигин кошумчалады.

АКШ Ооганстанда аскерий күч-аракеттерин чыңдай турганын Обама мурдатан эле айтып келаткан. Ак үйдөгү жогорку даражалуу чиновниктердин бири ырастагандай, Ирактагы аскер бөлүктөрүн кыскартуу жөнүндө президенттин чечими жакынкы апталарда жарыяланышы мүмкүн.

Обаманын шейшемби күнкү чечиминен саал мурдараак Улуттар Уюмунун өкүлдөрү ооган жериндеги курмандыктар тууралуу жаңы маалыматтарды жарыялашкан эле. Документте мурдагы жылга салыштырганда жайкын калк арасында бөөдө өмүрү кыйылгандар саны былтыр 38 процентке өскөнү айтылат. Баары болуп 2118 киши набыт болгон, алардын 55 проценти талиптердин колунан тындым болушкан. Калган 38 проценти ооган армиясы менен НАТОлук контингенттин ар кандай операциялары маалында жер жазданган.

Өткөн аптанын этегинде Кабулда президент Обаманын атайын өкүлү Ричард Холбрук болуп кеткен эле.Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ал Вашингтон терроризмге каршы күрөштө жаңы план иштеп чыгарын, ага ооган өкүлдөрү да тартыла турганын билдирген.

“Терроризмге каршы согуштун стратегиялык пландарын өзгөртүү керектигин жана ага Ооганстан өкүлдөрүн катыштыруу зарылдыгын айткан менин сунуштарымды кабыл алганы үчүн президент Обамага мен абдан,абдан ыраазымын”,-деп айткан эле ооган президенти Хамид Карзай.

XS
SM
MD
LG