Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Обама АКШда “ачыктык доору” башталганын жарыялады


АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон, 22-январь, 2009-ж.
АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон, 22-январь, 2009-ж.

Барак Обама президенттик ишин жигердүү кадамдар менен баштады. Атап айтканда, Гуантанамодогу аскерий түрмөнү бир жылдын ичинде жапканга буйрук берди, лоббисттердин өкмөттө иштешине тыюу салды, АКШда “ачыктык доору” башталганын жарыялады. Ошол эле күнү сенат Хиллари Клинтонду мамлекеттик катчылыкка бекитти.

Шаршемби күнкү маалымат жыйынында президент Обама АКШда “ачыктык доору” башталганын билдирди. “Бул шаарда узак мезгил бою жашыруун-жабык нерселер өтө эле көп болгон, - деп айтты президент Обама баарыдан мурда Вашингтонду эске алып. - Эски эрежеге ылайык кайсы бир маалыматты элге айтпас үчүн кандайдыр бир жүйөө болсо,ал коомчулукка шардана кылынчу эмес. Эми мындай доор бүттү. Бүгүнтөн тартып ар бир мекеме жана департамент билип коюуга тийиш: азыркы администрация маалыматты калктан жашырып калгысы келгендерди эмес, аларды элге жеткирүүгө умтулгандарды колдойт”.

Обама “ачыктык жана мыйзамдуулук бул жолку президентчиликтин башкы таянычы болорун” көрсөтүп, бирок анын мааниси чечимдер кантип кабыл алынып жатканы тууралуу элди маалымдар кылуу менен эле чектелбей турганын тактады. ”Бул деген өкмөт бардык эле маселелердин жандырмагын биле албайт, андыктан кызмат адамдары жөнөкөй жарандардын айткан-дегендерине кулак төшөй билиши керек дегенди түшүндүрөт”.

Обама лоббисттерге да өкмөттүк бардык мекемелердин каалгасын жапты жана алардын ишин кылдат көзөмөлгө алууну табыштады. “Эгер лоббистсизби, анда сиз мурдагы эки жыл ичинде таасир көрсөтүп келген чөйрөдө же мекемеде иштей албайсыз. Ал эми өкмөттөн кеткен учурда мен президент болуп турганда менин администрациямда лоббисттик кыла албайсыз”,-деп эскертти Обама. Ал ошондой эле өз администрациясында иштегендерге лоббисттерден белек-бечкек алганга тыюу салды.

Буга кошумчалап Обама жогорку даражалуу чиновниктердин айлык акыларын жогорулаткандан баш тартты. “Азыркы экономикалык кыйын шартта ар бир үй-бүлө куурун кынжыйта тартып, кысталып отурат,-деп көрсөттү Обама. – Вашингтон да ушинтиши керек. Мына ушул себептен улам Ак үйдөгү менин жогорку даражалуу кызматкерлериме жогорулатылган жалыйна төлөөнү токтоттум”.

Президент Обама бир жыл ичинде Гуантанамодогу аскерий түрмөнү жабууну чечип, атайын жарлыкка кол койду. Жарлыктын негизинде ушу тушта сотто териштирилип жаткан иштердин баары кайра каралат. Кошумча дагы бир директивага ылайык сурак иштеринде кыйноо ыкмаларын колдонгонго тыюу салынат, тергөөчүлөр өз иштеринде аскер туткундары жөнүндөгү Женева конвенциясынын талаптарын так сактоого милдеттендирилет.

“Бул - биз бүт дүйнөгө жөнөтүп жаткан сигнал. Кошмо Штаттары зомбулукка жана терроризмге каршы күрөштү улантканга,муну жигердүү жана натыйжалуу жүргүзгөнгө даяр, бирок муну биз өзүбүздүн асылнарктарга төп келгидей кылып жасаганга умтулабыз”,- деп айтты Обама.

Президент Обаманын бул чечимин эл аралык укук коргоочу активисттер, алардын ичинде Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Нави Пиллэй кызуу куттукташты.

Бейшемби күнү мамлекеттик департаментте Хиллари Клинтон да бул мекеменин жаңы башчысы катары биринчи иш күнүн баштады. Шаршемби күнү сенат аны айрым талаш-тартыштардан соң акыры бир добуштан мамлекеттик катчылыкка бекиткен эле.

Мамдепартаменттин кызматкерлери менен жолугуп, Хиллари Клинтон Америка үчүн “жаңы доор башталганын” белгиледи. Обама-Байден администрациясынын ишиндеги башкы максат деп жаңы мамкатчы АКШнын улуттук коопсуздугун чыңдоону, өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоону,америкалыктардын асылнарктарынын дүйнөдө урматталышына жана жайылышына жетишүүнү атады.

XS
SM
MD
LG