Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:16

Обама суру жаман сурактардын сырын ачты


Президент Барак Обаманын жакындагы жыйындардын биринде сүйлөп жаткан учуру.
Президент Барак Обаманын жакындагы жыйындардын биринде сүйлөп жаткан учуру.

АКШ президенти Барак Обама террорчу деп айыпталгандарды суракка алуунун өзгөчө ыкмаларына байланыштуу мурдагы администрация маалында кабыл алынган жашыруун төрт документти коомчулук үчүн жарыя кылды. Ошол эле учурда президенттин билдирүүсүндө "күчөтүлгөн тергөө" көрсөтмөлөрүн аткаргандар жоопкерчиликке тартылбай турганы да тастыкталат.

Төрт документтин бирин 2002-жылы августта юстиция министрлигинин эки кызматкери даярдашкан. Анда сурак жүргүзүүнүн катаал тартип-тарыйкалары,алардын ичинде айыпкерди уруп-согуу,эркин кыймылдай алгыс кылып тар бөлмөдө кармоо,уйку бетин көрсөтпөй кыйноо,сууга тумчуктуруу жолдору кең-кесири баяндалат.

Калган үч документ ошол эле министрликтин бөлүмдөрүнүн биринде даярдалып, ЦРУнун сурак ыкмалары эл аралык мыйзамдарга кайчы келбей турганы, алар "адамгерчиликсиз, катаал же мазактоо" эместиги айтылган.

Обама бийликке келери менен эле сурак-тергөө иштеринин мындай ыкмаларын колдонууга тыюу салып, Гуантанамодогу аскери сотторду жоюу, лагердиy өзүн бир жылдын ичинде жабуу тууралуу жарлык чыгарган. Бирок аталган төрт документти шардана кылуу маселесинде Обаманын өкмөтүндөгүлөр көпкө чейин бир пикирге келе алышкан жок.

Юстиция министри Эрик Холдер менен президенттин кеңешчиси Грег Крэйг алардын баарын чып-чыргасын коротпой коомчулукка жеткирүүнү жакташса,ЦРУнун башчысы Леон Панетта менен анын орунбасары Жон Бренан тексттерди оңдоп-түздөп, атайын кызмат органдарынын аброй-беделине көө жаппагыдай кылып жарыялоону сунуш кылышты.

Обаманын билдирүүсүндө, "биринчиден,документтерде айтылган сурактардын техникасы маалымат каражаттарында кеңири айтылып-жазылып кеткени, экинчиден, мурдагы администрация өзү көрсөтмөлөрдө баяндалган айрым ыкмалар тергөө практикасында колдонулганын моюнга алганы,үчүнчүдөн, суру катаал мындай сурактарга азыр таптакыры тыюу салынганы" белгиленет.

Обама документтерди жарыялоого макул болуп, муну менен мурдагы администрацияны каралоону көздөп жатпаганын,"юстиция министрлигинин көрсөтмөлөрүн аткарып,аларда сунуш кылынган ыкмаларды колдонгон кызматкерлер жоопкерчиликке тартылбай турганын" да тастыктады. Обама "азыр мурдагы каталыктар үчүн жазалоону эмес, өткөндөгү жолго акыл калчап, кайра ойлонуп чыга турган маал келди" деп эсептейт.

Обаманын атайын кызматтардын агенттерин жоопкерчиликтен бошотуу чечими бир катар укук коргоочуларды нааразы кылды. Эл аралык Amnesty International АКШнын юстиция министрлигин кыйноо иштерине катышкандарды калкалап калганы жатканы үчүн сынга алды. Конституциялык укуктар үчүн деп аталган борбор болсо жаңы администрация өткөн бийлик өкүлдөрү жасаган кылмыштарга тиешелүү мыйзамдарды таңазар албай жатканына таң калды.

Human Rights Watch уюмунун Лондондогу бөлүмүнүн директору Том Портэус президент Обаманын өткөндөгү иштер үчүн ким бирөөлөрдү айыптоону пайдасыз деген пикирин "демократиялык коомдун логикасына сыйышпаган позиция" катары баалады.

"Демократияда бардык иштер үчүн жооп берүү талап кылынат. Анын үстүнө аталган окуялардын айынан Америка абдан зыян тартты, эми анын беделин бекемдөө зарыл. Ошондой эле мындай кыңыр-кыйшын иштер мындан ары эч качан кайталанбай турганына кепилдик керек".

Укук коргоочулар документтерде көрсөтүлгөн сурак жүргүзүү усулдарын АКШнын жана эл аралык мыйзамдардын жол-жоболорунан алганда кыйноо ыкмаларына тете турган иш деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG