Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:18

Обама Израил-Палестин чатагы жөндөлөөрүнө ишенет


Ехуд Олмерт даабаган маселени чечүүгө Бенйямин Нетанйахунун эрки жетеби? Израил өкмөтү алмашкандан кийин.Иерусалим. 31-март 2009
Ехуд Олмерт даабаган маселени чечүүгө Бенйямин Нетанйахунун эрки жетеби? Израил өкмөтү алмашкандан кийин.Иерусалим. 31-март 2009

Ак үйдө бийлик алмашкан үч айдан бери АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Жорж Митчелл региондо үч ирет болду. Ал үч визитти тең Израил жана Палестин тараптын “эки мамлекет түзүү аркылуу маселени чечүү” боюнча сунуштарын угууга арнады. Митчелл эки жактын ой-сунуштарын качан угуп бүтөт?

Президент Обама израилдиктер менен палестиндерде тынчтыкка жетүү мүмкүн деген ишенимдин жышаанын көрөрүнөн күмөн санабайт. Обама мындай пикирин шейшемби күнү Ак үйдө Иорданиянын падышасы Абдулла менен кездешкен соң билдирди.
Президент Барак Обама жана Иорданиянын падышасы Абдулла. Вашингтон,21-апрель

Атайын чабарман Жорж Митчелл акыркы үч айда Жакынкы Чыгышка жасаган үч сапарын эки тараптын
"Тилекке каршы, ушу азыр Израилде турсун, Палестин территориясында, Араб өлкөлөрүндө жана дүйнө жүзүндө да, ар кандай прогресс мүмкүн экенине ишенбеген чылгый цинизм учуроодо.
Барак Обама, 21-апрель, 2009-жыл
идеяларын кылдат угууга бөлгөн. Барак Обаманын сөзүнчө, Бенйямин Нетанйяху башындагы Израил өкмөтү бир нече жума илгери түзүлгөндүктөн, Митчеллге өкмөт мүчөлөрүнүн пикирин угуп-билүүгө убакыт керек эле. Бирок сүйлөшүүнүн да чеги болот, деп эскертти Обама:

- Мен макулмун: биз түбөлүк сүйлөшө албайбыз. Ошон үчүн тийиштүү кадам жасалып, болгон өзгөрүүлөрдү эл көрүш керек. Келерки айларда андай прогресс болот. Биз эки жак бири бирине ишенүүсү үчүн андай жараянга жардамдашабыз.

Кыргыек саясатчы саналган Нетанйяху Евробиримдик, Россия, БУУ жана АКШ колдогон “эки мамлекет саясатын” эч качан ачык жактаган эмес. Бирок Барак Обама кээ бир израилдиктер Палестина өзүнчө мамлекет болуусун колдоорун, ошол эле учурда Жакынкы Чыгышта ага дегеле ишенбегендер бар экенин белгилей кетти:

- Тилекке каршы, ушу азыр Израилде турсун, Палестин территориясында, Араб өлкөлөрүндө жана дүйнө жүзүндө да, ар кандай прогресс мүмкүн экенине ишенбеген чылгый цинизм учуроодо.

Эки жактын өз ара мунасага жетишүүсүнө, Обаманын айтышынча, Кошмо Штаттар, Иордания жана Египет көмөктөшө алат. Лекин тынчтык жараянын алга жылдырууда негизги жоопкерчилик Израил жана Палестинанын өзүндө, деп кошумчалады АКШ президенти.

Кабарчылардын бири Барак Обамадан Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын дүйшөмбү күнү БУУнун Женевадагы конференциясындагы Израилди “зулум жана репрессивдүү расистчил режим” деп мүнөздөгөн сөзүн кандай баалаганын сурады.

Обама өз жообунда Ахмадинежад 2007-жылы кайра президенттикке шайланууга чамына баштагандан тарта Израилге асылып жүргөнүн ырастаган далилдер толтура экенин айтты:

- Мен шайлоо өнөктүгү учурунда жана шайлоодон кийин Иран менен олуттуу мамиле түзүү керек экенин чын дилден дембе-дем айткам. Президент Ахмадинежаддын көптөгөн билдирүүлөрү, өзгөчө, түздөн түз Израилге багытталган сөздөрү үрөйдү учурганын жана калпыс экени мага таасын. Бул айдан ачык.

Президент Обама ошондой эле АКШ өкмөтү Иран бийликтери менен “ийилбес түз дипломаттык мамиле” түзүүгө жана эки өлкө арасындагы алаканын жакшырышына кызыкканын да кошумчалады.

XS
SM
MD
LG