Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Барак Обаманын Орусияга сапарынан кийинки ой-толгоолор


6-июлда АКШ президенти Барак Обама Орусияга иш сапары менен келди. Эки күнгө созулган сапары маалында Обама орус жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Байкоочулардын баамында, Орусияга сапар менен Барак Обама АКШнын тышкы саясатында кыйла өзгөртүүлөргө бет алды.

АКШ президенти Барак Обаманын Москвага сапары орус элинин көзүнө көрүнүп, көңүлүндө калды. Обаманын Экономикалык мектепте жасаган кайрылуусу байма-бай талкууланды. Анда Обаманын АКШ-Орусия ортосундагы мамилелерди калыбына келтирүү тууралуу сөздөрү орус коомчулугунда жылуу кабыл алынды.

Буга дейре АКШ менне Орусия кайнаса каны кошулбаган эки башка өлкө деп айтылып келген. “Эки өлкө атаандашып, биринен-бири ашып, куралдуу күчтөрүн көбөйтүп, таасир этүүчү чөйрөлөрдү бөлүштүрүүдө деген түшүнүк жалган” деди Барак Обама.

- Бул жалган түшүнүк, 2009-жылы жашап, улуу держава өзүнүн күчүнө мактанып башка өлкөлөрдү басмырлап же коркутуп-үркүтпөшү керек. Империялар эгемен мамлекеттерди тактай үстүндөгү шахматтын ташындай ары бери жылдырып ойногон доор өттү. Биз биримдикте гана өнүгө алабыз. Андыктан мен АКШ менен Орусияны мамилелерди жаңы барактан баштоого чакырам.

Серепчилердин баамында, кийинки учурда Орусияда «демократ» деген сөз Кошмо Штаттардын пайдасы үчүн иштеген дегенди билдирип калган. Буга карабастан, байкоочулардын айтымында, Обаманын сөзүндө эки маанилүү нерсени байкаса болот.

Көз карандысыз байкоочу Маша Липмандын айтымында, Обаманын «саясат мыйзамды жазат, бирок демилге ылдыйдан болушу керек» деген сөзүн абдан жактырат.

Ал эми «Бириккен жарандар фронтунун» лидери Гарри Каспаровдун айтымында, Барак Обама жалгыз гана Кремл менен эмес, ошондой эле орус эли, жарандык коом менен да жакшы мамиле түзгүсү келет.

АКШ-Орусия: мамилелер жаңы нукта өнүгөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

XS
SM
MD
LG