Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Батыш басма сөзү Барак Обаманын Москва сапары тууралуу


АКШнын президенти Барак Обаманын Орусияга иш сапарын Батыштын басма сөз каражаттары байма-бай чагылдырышты.

«Обама Москвада инвестиция тартуу үчүн менчик укуктарын коргоону жакшыртуу керектигин, ал эми сөз эркиндиги, соттордун көз карандысыздыгы жана саясий оппозиция коррупция менен күрөш үчүн зарылдыгын билдирди» деп жазды "Вашингтон Пост" гезити. Бирок гезит америкалык президент өз сөзүндө Орусияга акыл үйрөтпөстөн, саясий курч маселелерди көтөрбөстөн сүйлөгөндүгүн белгилейт.

Гезит ошондой эле Обама өкмөт башчысы Владимир Путинден өзүн обочо кармап жаткандыгын боолголойт. "Вашингтон Постко" ылайык, Обама Путинге караганда сабырдуу, мыйзамдык реформаларды колдойт, жарандык коомду азыраак көзөмөлдөөгө ыктайт деп саналган президент Медведевге басым жасап жатат. Буга гезит Обаманын Медведев менен бир нече саат баарлашып, аны орус сыналгысынан «түз сүйлөгөн, кесипкөй жетекчи» деп баалаганын, ал эми Путин менен болгону эртең менен бир жарым саат тамантактанганын мисалга келтирет. Ошол эле мезгилде америкалык басылма Медведевдин либералдаштыруу нийети, же чечимдерди кабыл алуудагы көзкарандысыздыгы анчейин анык эместигин белгилеп, ушуга байланыштуу айрым америкалык баяндамачылардын Обама Путинге көбүрөөк көңүл бурушу керек эле деген пикирин келтирет.

"Вашингтон Пост" ошондой эле Обама Медведев менен Путинди кайраштыргысы келбегени менен, Медведев менен алака түзүү үчүн Путинди да колго алуу керектиги көпчүлүктүн кыжырданта турган жагдай экендигин белгилейт.

Обаманын Путин менен шейшембидеги эртең мененки тамактануусун соңку сурамжылоого таянып "Файнэншл Таймс" гезити дүйнөнүн эң сүймөнчүктүү каарманы менен көпчүлүк эң карамүртөз эл башчыларынын бири деп санаган адамдын жолугушуусу катары мүнөздөйт. Гезит ошондой эле «Өзөктүк куралдар жана Ооганстанга жүк ташуунун жолдору боюнча Москвада жетишилген келишимдер былтыркы грузин согушунан калган нааразычылыктын дымып турган отун өчүрө албайт» деп жазат. «Иранга жан тарткан Орусия Ирандын өзөктүк программасына карата санкция киргизүүгө макул болбойт, ошондуктан Орусия менен Иранга байланышкан көйгөй тереңдесе тереңдеп жатат, бирок оңолгон жок» деп жыйынтык чыгарат "Файнэншл Таймс".

Британияда чыгуучу "Гардиан" гезити Барак Обаманын Москвада «Империялар башка көз карандысыз өлкөлөрдүн тагдыры менен чакмак ойногон мезгил артта калды, бүгүнкү заманда бардык өлкөлөр бири-бирине көз каранды, эркин маалымат каражаттары бизнестеги, өкмөттөгү коррупциянын бетин ачып, ал эми атаандаштыкка негизделген шайлоолор мамлекет башчыларынын эл алдындагы жоопкерчилигин арттырат» деп айтканына шилтеме берет. Гезит Обаманын «Эгер биздин демократия мындай укуктарды туу тутпаганда, мага окшогон түбү африкалык адам АКШнын президенти, америкалык жаран катары силердин алдыңарда сүйлөп турбайт болчу» деген сөздөрүн келтирет.

"Лө Монд" өңү кара Обаманын шайланаары убагында Кремлде эч кимдин оюна да келбегендигин жазат. Ошол эле мезгилде, франциялык гезит дүйнөнү каптаган «обама-маниянын» Орусияда жыты да жок экендигин, жаштардын төрттөн бири гана америкалык президентти пир тутаарын белгилейт. Буга салыштырмалуу Францияда сурамжылоо калктын дээрлик 90 пайызы Обама Франциянын жараны болгондо, ага добуш беришмек экендигин көрсөткөн.

Кеп Обаманын өң-түсүндө эле эмес окшобойбу. "Гардиян" гезитине ылайык, Орусиянын таасирдүү чөйрөлөрү сырттан басымды, акыл үйрөтүүнү жактырбайт. «Советтер Союзу кулагандан кийин Путин президент болуп турганда баралына жеткен кийинки муун да ушундай пикирде. Орустардын көбү экс-президент Жорж Буштун ачуу реторикасын, кас саясатын жек көргөнү менен алар Бил Клинтонду да жактырышкан эмес. Анткени НАТОнун чыгышка кеңейишин колдогон дал ушул Клинтондун администрациясы болгон. Ал эми Обаманын Орусия боюнча кеңешчилери, анын ишинде вице-президенти Жо Байден кезегинде Клинтондун кол алдында кызмат кылган, же анын саясатын кош колдоп колдогондор болушкан» деп жазат британиялык басылма.

XS
SM
MD
LG