Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

Обама бир нече саатка Ооганстанга барып кетти


АКШ президенти Барак Обама Кабулдагы президенттик сарайда Ооган мамлекет башчысы Хамид Карзай менен жолугушту, 28-март, 2009-жыл
АКШ президенти Барак Обама Кабулдагы президенттик сарайда Ооган мамлекет башчысы Хамид Карзай менен жолугушту, 28-март, 2009-жыл

АКШ президенти Барак Обама күтүлбөгөн сапар менен Ооганстанда болду. Кабулга бараары менен ал Ооган мамлекет башчысы Хамид Карзай менен жолугушту. Обама Ооганстандагы алга жылуулар үмүт жаратат деп билдирди. АКШ президенти ошол эле маалда Карзайды башкаруу тармагын жакшыртуу, коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу жаатында аракеттерди улантууга үндөдү.

Обама Баграмдагы аба күчтөрү базасында 2 жарым миңдей америкалык жоокерге кайрылып, алардын миссиясы ийгиликтүү болооруна ишенээрин айтты.

- Экстремисттер баш пааналаган жерлеринен айдалганына күбө болдук. "Ал-Кайида" жана Талибандын лидерлерлигине ири сокку урулду.

Обама "ал-Кайида" дагы эле коркунуч туудуруп жатканын белгилеп, талиптер Ооганстанды кайрадан өз көзөмөлүнө алышса, АКШга кооп жаралат деп билдирди:

- Алдыда кыйын күндөр күтүүдө. Чегинүүлөр да болушу мүмкүн. Биз чечкиндүү душман менен күрөшүп жатабыз. Америка Кошмо Штаттары баштаган ишин өтөлүнө чыгарууга көнгөн.

Кабулга келээри менен Обама Ооган президенти Хамид Карзай менен жолугушту. АКШ мамлекет башчысы экстремисттерге каршы аскерий кампанияда прогресс болуп жатканы менен, коррупция менен күрөшүү, мамлекеттик башкарууну жакшыртуу жана мыйзамдын үстмөдүгүн орнотуу жаатында кошумча аракеттер көрүлүүүгө тийиш деп билдирди.

Карзай болсо АКШ менен шериктештик стабилдүү, күчтүү жана бейпил Ооганстанды курууга көмөктөшөт деди.

Обама Карзайды 12-майда Вашингтонго келип кетүүгө чакырды. АКШ президенти ошондой эле согуштун жүрүшү жөнүндө АКШ жана НАТО күчтөрүнүн кол башчысы, генерал Стэнли Маккристаллдан жеринен кабардар болду.

Обама үчүн өткөн жума өтө ийгиликтүү жана жемиштүү болду. Атап айтканда, Өкүлдөр палатасы саламаттыкты сактоо реформасы жөнүндөгү мыйзамды жактырды жана Орусия менен атомдук куралды кыскартуу боюнча жаңы келишим түзүү тууралуу макулдашылды.

Обама буга чейин Ооганстанда 2008-жылы президенттикке талапкер катары барган. Бирок мамлекет башчылыкка шайлангандан бери ооган жергесинде боло элек болчу. Ак Үйдүн ырастоосунда, анын буга чейинки визиттерине аба ырайы жана логистикалык себептер тоскоолдук түзгөн.

Былтыр Обама Ооганстанга кошумча 30 миң аскер жайгаштырууга буйрук берген жана 2011-жылдын ортосунан контингентти чыгаруу жараянын баштоо жөнүндө жарыялаган. Кошумча аскерлердин көбү талиптерге каршы ири операция жүрүп жаткан түштүк аймакка жөнөтүлгөн. Бул сапар Обамага жоокерлерди көбөйтүү демилгесинин натыйжасы менен жакындан таанышууга, аскерлерге колдоо көргөзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Анын сынчылары президент саламаттыкты сактоо реформасын өткөрүп алуу аракетинде тышкы саясатты көңүл сыртында калтырып койду деп айтып келишкен.

XS
SM
MD
LG