Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Обаманын демилгеси - Россиянын оюну


АКШ-Россиянын туулары катар желбирегени менен, ортодо карама-каршылыктар көп.
АКШ-Россиянын туулары катар желбирегени менен, ортодо карама-каршылыктар көп.

АКШ президенти Барак Обама бийликке келгенде Россия менен байланышын оңдоймун деп сөз берген. Ага Россиянын мамилеси кандай болууда?

Президент Обаманын Москва менен мамилени жаңыдан түзүү демилгеси Чыгыш Европада эми АКШ Россия менен мамилесин жакшыртуу үчүн бизди мурдакыдай колдобойт деген тынчсызданууну жараткан. Ошол эле учурда Обаманын демилегсин Батыш Европа колдойбу деген да күдүк ойлор айтылган.

АКШ менен Россия арасындагы мамиле июлда президент Обама Москвага келгенде ырасмий түрдө оңдолгон эле. Эки өлкө алакасы Россия 2008-жылы Грузияга басып киргенде начарлап кеткен болчу. АКШ президенти сапар учурунда Москваны «таасир берүү чөйрөсүн» түзүүгө умтулуп, «эски түшүнүктөн» кутула албай жатат деп сындаган:

-Бул жаңылыш түшүнүк. 2009-жылы чоң өлкө башка өлкөлөргө үстөмдүк кылып же каралап өкүмзорлук кылбады. Империялар күнкорсуз өлкөлөргө шахматтын фигурасындай мамиле кылган мезгил өттү.

Барак Обама. 23-июль 2009-жыл.

Обама бул сөзү менен Россиянын Грузияга басып кирүүсү, Москва-Батыш мамилесин өтө осолдотуп жибергенине түз ишаара жасады. Вашингтон Москва менен талаштуу маселелерде мунаса табууга аракеттенгени менен Украина жана Грузиянын НАТОго кошулуусун колдоону токтотпосун ошондо эле АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Россия жана Евразия программасынын башчысы Майкл МакФол эскерткен:

-Биз россиялыктарга НАТО кеңейтилбейт деп убада да бербейбиз, соодалаша да албаганыбыз маалым. Биз мамилени оңдойбуз деп, демократиялуу эки өлкө Украина жана Грузия менен бекем мамилебизди токтотуп койбойбуз.

Гарвард университетинин профессору Маршал Голдмандын пикиринче Обаманын жакшы ыкласы Москва-Вашингтон арасындагы алкага оң таасир этти. Муну президент Медведев да Обаманын визити учурунда белгилеген.

Владимир Путин (оңдо)НАТОнун Бухаресттеги саммитинде. 1-апрель 2008-жыл.

Бирок москвалык талдоочу Кирилл Орловдун сөзүнчө, Обаманын илгери демилгеси Россиянын авторитардык жетекчилигинин кулагынын сыртында калып, ортодогу алакага таасир кылган эмес. Себеби, Москва экс-советтик Украинанын НАТОго өтүүсүнө каршы, дейт Рогов:

-Кремлдин оюнча, Украина Россиянын таасири астында болуш керек... Бул АКШ менен мамиледеги чоң проблема болот.

Кээ бир серепчилер Россиянын Абхазия жана Түштүк Осетиядагы аскерин көбөйтүүсү- Вашингтондун Москва менен байланышты жакшыртуу үмүтү таш капканын көрсөттү дешет.

Мындай пикирге Россиянын АКШ жана Канада институтунун серепчиси Виктор Кременюк кошулбайт. Россия НАТОнун кеңейүүсү өлкөнүн коопсуздугуна шек келтире турганына көңүл бурууда. Эгер эки жак окшош баалуулуктарды карманса, ортодо эч кандай талаштуу маселе болмок эмес, дейт Кременюк:

-Биз окшош эмеспиз. Биз түрдүү баалуулуктарды карманган соң, чогуу жашай алабызбы? Бул чоң суроо.

Кременюктун айтышынча, Обаманын тышкы саясатты өзгөртүүсү Стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча АКШлык-россиялык сүйлөшүүнү тездеткен. Эки жак 1991-жылкы START келишимди алмаштырчу жаңы келишимге жыл соңунда кол койгонго дилгирлигин көрсөтүүдө. Эски келишимдин мөөнөтү быйыл декабрда бүтөт.

XS
SM
MD
LG