Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Кавказдагы урушту ким баштаган?


Түштүк Осетиядагы жаңжалды иликтөө үчүн түзүлгөн эл аралык топ эмдиги аптада өзүнүн отчетун жарыялайт. Айрым булактар согуш үчүн күнөөнүн көп жүгү Грузияга жүктөлөрүн маалымдашкан эле. Бирок муну брюсселдик чиновниктер ырасташкан жок.

Эл аралык эксперттер комиссиясын Евросоюз түзгөн. Ага швейцариялык дипломат Хэйди Таглиавини жетекчилик кылат.
Өткөн аптада "Шпигел" журналы эксперттер арасындагы аты белгисиз адамдарга таянып, жарыя кылынганы жаткан документте Кавказдагы кайсоорун согуштун тутанышы үчүн жоопкерчиликтин көп бөлүгү Грузияга жүктөлгөнүн жазып чыккан эле.

Башка бир булактар докладда былтыр августтагы согушту Грузия баштаганы так айтылганын, Россиянын ролу тууралуу бүдөмүк тыянактар жасалганын маалымдашкан. Эксперттер, маселен, орус аскерлери региондо капылет согуш чыгып кетиши мүмкүн экенин эске алып, ага даярданып жүргөн деген корутундуга келишкен. Бирок бул отчетто ар кандай мамлекеттеги армиянын бейпил кездеги негизги иши катары көрсөтүлгөн.

Ал эми АКШнын былтыркы беш күндүк урушка кандай тиешеси болгону тууралуу документте ныпым эчтеме айтылган эмес дешет.
Грузин президенти Михаил Саакашвили Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясындагы сөзүндө "Шпигелдеги" макаланы айыптап, "буга окшогон бүтүмдөргө эч ким ишенбей турганын" ырастады.

Бирок грузин президентинин сөздөрүнө ишенгендер да аз көрүнөт. Бери эле дегенде брюсселдик дипломаттар эксперттер комиссиясынын отчету жалпысынан даяр экенин, азыр такталып, талкууланып жатканын тастыкташты. Алардын бири отчеттогу тыянактар бир жактуу болбой турганына ишендирди.

Дипломаттардын айтымында,маселе бу жерде тараптарды кайра араздаштыруудан сак болууда турат. Мунун ордуна Москваны, анын колдоосуна таянган абхаздар менен осетиндерди Тбилиси менен элдештиргенге көмөктөшүү керек.

Комиссиянын жетекчиси Таглиавини даярдалган отчет менен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мунду, башка да ырасмий өкүлдөрү тааныштырганы бул күндөрү Нью-Йоркто жүрөт.

Башкы Ассамблеянын сессиясында чыгып сүйлөп,орус президенти Дмитрий Медведев түштүк осетин проблемасын күчкө салып чечүүнү көздөгөн грузин бийликтеринин чечимин "акылсыз аракет" деп атап, ошонун айынан локалдуу куралдуу кагылыш аз жерден масштабдуу согушка айланып кете жаздаганын эске салды.

Грузия былтыркы окуялар жана Кавказдагы жалпы кырдаал үчүн Россияны күнөөлөп жүрөт.

XS
SM
MD
LG