Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Дүйнө элинин ар бир төртүнчүсү мусулман


Дүйнө мусулмандарынын картасы. Pew изилдөө борбору түзгөн карта.
Дүйнө мусулмандарынын картасы. Pew изилдөө борбору түзгөн карта.

АКШнын Pew изилдөө борборунун изилдөөсү дүйнө мусулмандарынын саны 1,6 миллиардга чукулдап калганын, алардын 60 проценти Азияда жашаганын көрсөттү.

Pew Research Center-PRC жүргүзгөн изилдөө буга чейин эл арасында калыптанган түшүнүк жаңылыш экенин, Ислам дини араб өлкөлөрүнүн алкагынан чыгып, Азияга кеңири жайылганын көрсөттү.

Вашингтондо жайгашкан Pew илимий борборунун изилдөөчүсү
Болгариянын түштүгүндө жашаган болгар тилдүү помак-мулумандары.
Брайн Грэхемдин айтышынча, араб өлкөлөрүндө дүйнө мусулмандарынын бештен бир бөлүгү гана жашайт:

- Көпчүлүк Исламды Жакынкы чыгыштыктардын же арабдардын дини деп билишчү. Бирок биздин изилдөө Ислам негизинен азиялык дин экенин көрсөттү. Мусулмандардын 60 проценти (972,5 млн.) Түркиядан Индонезия жана Филиппинге чейинки мейкиндикте жашайт. Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада ар бир бешинчи (315,3 млн.) гана мусулман жашайт.

Азыр дүйнөдө 1. 57 миллиард мусулман бар. Бул дүйнө калкынын 23 проценти же Жер бетиндеги 6,8 миллиард адамдын ар бир төртүнчүсү мусулман дегенди билдирет.

Вашингтондогу Pew борбору 232 өлкө жана территориядан алынган 1500гө жакын маалыматтын, анын ичинде эл каттоолордун жана демографиялык изилдөөлөрдүн негизинде ушундай тыянакка келген.

Каирде XIV-кылымда курулган Султан Хасан атындагы мечиттин кызматкери АКШ президенти Барак Обама келер алдында килемди тегиздеп салууда. 2-июнь 2009-ж.
Африканын Сахара чөлүнүн алкагында мусулмандардын 15,3 проценти (240,6 млн.), Европада-2,4 проценти (38,1 млн.) жашайт. Мусулмандар эң аз жашаган континент - Америка. Америкадагы мусулмандардын саны Кыргызстандын калкына жетпейт - 4,6 млн. Бул дүйнө мусулмандарынын 0,3 проценти.

Грэхем мусулмандар кайсы бир алкактын чегинен чыгып, азыр дээрлик дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө жашаганына же мобилдүү элдердин катарына кошулганына көңүл бурат:


-Эң чоң мусулман өлкөлөрү: Индонезия, Пакистан, Индия, Бангладеш, Нигерия. Булардын көбү өнүгүп бараткан өлкөлөргө кирет. Ислам бул эле өлкөлөр менен чектелбегенин, мусулмандар глобалдык диний жамаат катары жашаганын жана алар азчылык ирети өнүккөн өлкөлөрдө жашаганын изилдөө аныктады.


Азия-Тынч океан алкагындагы мусулмандар көп жашаган өлкөлөр
(PRCдин эсеби боюнча 2009-жылга)

млн. адам калкынын ичинен дүйнө мусулмандарына
мусулмандар (%) салыштырмалуу (%)
Индонезия 202,8 88,2 12,9
Пакистан 174,1 96,3 1,1
Индия 160,9 13,4 10,3
Бангладеш 145,3 89,6 9,3
Иран 73,8 99,4 4,7
Түркия 73,6 ~98,0 4,7
Ооганстан 28,1 99,7 1,8
Өзбекстан 26,5 96,3 1,7
Кытай 21,7 1,6 1,4
Малайзия 16,6 60,4 1,1

Региондун калган
бөлүгү 49,1 7,1 3,1
------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Регион-бардыгы 972,5 24,1 61,9

Дүйнө-бардыгы 1 571,2 22,9 100,0

Мусулмандардын 80 проценти мусулмандар көпчүлүктү түзгөн өлкөдө жашаса, 20 проценти же 300 млн ашуусу мусулмандар аз өлкөдө турушат. Алсак, Индияда 161 млн мусулман бар. Бул өлкө элинин 13,4 процентин түзөт. Анткен менен дүйнөдөгү ар бир онунчу мусулман Индиянын жараны. Кытайдын 1,3 миллиард элинин 22 миллионго жакыны ислам динин тутунган элдерге кирет.
Грозныйдагы Ахмад Кадыров атындагы мечит-Европадагы эң чоң мечит саналат.


Европада да мусулмандар көбөйүп жатканын Pew борборунун изилдөөсү аныктады, дейт Грэхем:

- Европада 40 миллионго жакын мусулман жашайт. Россия, Албания сыяктуу Европа өлкөлөрүндө мусулмандар түпкү элдерден. Мусулмандар көбүн эсе Батыш Европага: Франция, Германия, Белгия, Нидерландияга көчүп келишүүдө. Бул акыркы мезгилге таандык көрүнүш.

Иммиграциянын натыйжасында Европадагы мусулмандардын саны 38 миллиондон ашып кеткен. Батыш Европадагы эң чоң мусулман жамааты Германияда (4 млн), андан кийин Францияда (3,5 млн), Британияда (1,6 млн) жашайт.

Экс-советтик республикалар Армения, Беларус, Молдова жана Украинада мусулман динин карманган жарандар элдин 1 процентине жетпейт.

Борбор Азиянын эли эң көп өлкөсү - Өзбекстанда 26,4 миллион мусулман(жогорудагы чакмакты кара) жашайт. Бул жалпы элдин 96,3 проценти. Казакстандадын калкынын 56,4 проценти же 8,2 миллиону, Кыргызстанда 86,3 проценти же 4,7 млн мусулмандар. Тажикстанда 5,8 млн(жалпы элдин 84,1 проценти), Түркмөнстанда 4,75 млн же жалпы өлкө калкынын 93,1 проценти.

Вашингтондук илимий борбордун изилдөөсү дүйнө мусулмандарынын 87-90 проценти суннилер болсо, калган 10-13 проценти шиилер экенин аныктаган.

XS
SM
MD
LG