Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Зардаринин "Катринасы"


Суу ташкындан үй-жайсыз калгандар коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүнө даттанышууда.
Суу ташкындан үй-жайсыз калгандар коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүнө даттанышууда.

Пакистандын көп жерин топон суу каптап, эл качып-тозуп жаткан маалда президент Асиф Али Зардаринин чет өлкөлөрдө сапарлап жүргөнү жергиликтүү элдин, айрыкча табигый кырсыктан жабыркаган калктын ачуусун келтирди. Батыштагы айрым басылмалар суу ташкынды Зардаринин "Катринасы" деп аташты.

Соңку маалыматтарда суу ташкындан курман болгондор саны 1400дөн ашканы, үй-жайынан ажырагандар бир миллионго, жабыркагандар үч миллионго чукулдап калганы айтылат.

"Эпсиз чоң жоготууга туш болдук, карабашыл адамдардан тышкары мал-жандык кырылды, үйлөрүбүздү сел алып кетти. Өкмөт бир үй-бүлөгө бирден чатыр бергенден башка эчтеме кылган жок, бөлөк-бөтөн жактардан гана жардам алып жатабыз", - деп айтты кырсык болгон аймактагы тургундардын бири.

Буга катарлаш Карачиде урдулар менен пуштундар уруша кетип, эки-үч күнгө созулган кара кагылышта алтымышка чукул кишинин өмүрү кыйылды.

Улуттук масштабдагы ушундай кайгылуу окуялар уланып жатканда президент Асиф Али Зардари бир аптадан ашуун убакыттан бери чет өлкөдө сапарда жүрөт.

Адегенде ал Францияда болду, андан соң Лондонго келди. Президент токтогон конолго жайга жакын жерде аны "Зардари – уурулардын падышасы", "Зардари – 100 процент коррупция", "Кет, Зардари, кет!" деген ураандарды көтөргөн адамдар тосуп алышты.

Зардаринин кеңешчилери аны британ премьери Дэвид Кэмерондун Индияда сапарда жүрүп Пакистандын атына айткан сөздөрүнөн улам тутанган дипломатиялык жаңжалдын мизин мокоткону келди деп айтышкан эле. Бирок сынчылар Зардари, биринчиден, өзүнө каршы кайра козголгон коррупциялык иштерди жабууну, экинчиден, уулу Билавал Зардаринин саясий келечегине кам көрүүнү көздөп келди дешет.

Билавал быйыл 21 жашта, Пакистан элдик партиясынын теңтөрагасы, бирок 25ке толмоюнча премьерликке же президенттикке талапкер боло албайт. Бирмингемде үч миңдей пакистандыктар катышкан жыйында Зардари өз уулуна алардын "батасын" алып берүүнү тилек кылган.

Бирок Зардари менен жолугушууга чакырылган британдык эки таасирдүү саясатчы –лейбористтер партиясынын мүчөлөрү Халил Махмуд менен лорд Ахмед – жыйынга баргандан баш тартышты. "Тиякта миңдеген адамдар кырылып жатат, мындайда президент Пакистанда болушу керек, мунун ордуна анын Францияда жана Британияда шапар тээп шарактап жүргөнү туура эмес", - деп билдирди Халил Махмуд.

Foreign Policy басылмасында жарыяланган макаланын автору 2005-жылы АКШны каптаган капсалаңды эске салып, Пакистандагы суу ташкынды Зардаринин "Катринасы" деп атаган. "Миллиондогон мекендештеринин өмүрүнөн өзүнүн жеке саясий мартабасын өйдө койгон адам Пакистан президенти болууга акысы жок",-деп жазат автор.

Бул учурда кырсыктан жабыркагандарга жалаң исламчыл уюмдар жардам көрсөтүп жатышат. Өзгөчө Жамаат-и-Ислами партиясы менен Фалах-и-инсаният тобу түзгөн фонд бир нече жерде атайын лагерлерди түзүп, калкка активдүү каралаша баштады. Эки партия тең өлкөдө тыюу салынган уюмдарга кирет.

Пешеварда 2-августта өткөргөн маалымат жыйынында Жамаат-и-Ислами уюмунун жетекчиси жергиликтүү өкмөттү элге карабай кетти деп айыптады.

"Бу партия Пакистандагы террордук иштерди эзели айыптаган эмес, Ооганстандагы "Талибан" кыймылына ылым санап карайт. Ушул себептен улам жергиликтүү элдин, айрыкча пуштундардын колдоосунан ажырап калган эле. Эми абал өзгөрүшү мүмкүн", - дейт Машаал радиосунун кабарчысы Даут Хаттак.

XS
SM
MD
LG