Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:02

Пакистанда НАТОнун машиналары өрттөлдү


Исламабаддын жанындагы терминалда 50 чакты машина өрттөлдү, 9-июнь 2010-жыл.
Исламабаддын жанындагы терминалда 50 чакты машина өрттөлдү, 9-июнь 2010-жыл.

Пакистандын борборуна жакын жерде куралчан адамдар Ооганстанга жүк ташып бараткан Батыш күчтөрүнүн машиналарын өрттөп жиберишти. Кол салуудан бери дегенде 7 киши набыт кеткени маалымдалууда.

Айрым байкоочулар эми НАТО Ооганстанга жүк жеткирүүнүн башка жолдорун активдүү колдонууга киришиши ыктымал дешет.

Кол салуу шаршембиге караган түнү орун алган. Исламабад шаар полициясынын башкы инспектору Калим Имандын айтымында, 12 чакты куралчан адам терминалда катар-катар тизилип турган жүк ташуучу аскерий машина, күйүчү май тарткан танкерлерге өрт коюшкан. Алар карматпай качып кетишкен. Набыт болгон 7 кишинин арасында айдоочулар, жергиликтүү тургундар бар.

Пакистандагы согушкерлер АКШ жана НАТО баштаган күчтөрдүн аскерий колонналарын бутага алган учурлар буга чейин көп эле болуп келген. Адатта мындай кол салуулар Карачи порту менен алыскы тоолуу аймактарды байланыштырган жолдордо ишке ашырылат. Бул ирет болсо согушкерлер баш калаадан бир нече километр алыстыктагы Раванпилди гарнизонуна чейин кирип келишкен. Тарнол депосу Исламабадды Пешавар менен туташтырган кан жолдо жайгашкан. Ал жол Хайбер кысыгына чейин алып барат. Кысык аркылуу НАТО өз жүктөрүн Пакистандан Ооганстанга жеткирип турат.

Кол салуу маалында деподо жүргөн айдоочу Зия согушкерлер ал жердеги адамдарга ок ачышканын айтып берди: "Машинамда отурсам, тигил адамдардын: “Айдоочуларды өлтүр, аларды аябай эле кой. Машиналарды өрттөгүлө, айдоочуларды аткыла, эч кимиси качып кетпесин”, - деп атканын угуп калдым".

Керектен чыккан унаа жана цистерналардын саны азырынча белгисиз. Депо жергиликтүү машиналар үчүн да пайдаланып келет. Айрым маалыматтарга караганда, 50 чакты машина өрттөлдү. Окуя болгон жерге өрт өчүргүчтөр, куткаруучулар жөнөгөн.

"Биз деподогу унаа күйүп жатат деген маалымат алганда дароо өрт өчүргөн 5 машина, куткаруучулар жөнөп кетишти. Азыр өрт жарым-жартылай өчүрүлдү", - деп айтып берген түн ичинде куткаруучулардын бири Равал Хан. Анын айтымында, кээ бир машиналар ок күйүчү май сакталган танкерлерге тийгенде күйө баштаган болушу мүмкүн. Таң атканда ийрейген, күйгөн машиналардын калдыктары түнкү окуя жөнүндө кабар берип турду.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек, бирок буга чейин ушул өңдүү кол салууларды Пакистандагы талиптер ишке ашырып келгенин ырасташчу.

Пакистандык отставкадагы генерал, саясий аналитик Талат Масуддун пикиринде, түнкү чабуулдун Исламабадга жакын жерде болушу Пакистан коопсуздук кызматынын олуттуу кемчиликтеринен кабар берет жана борбор шаардагы кырдаал канчалык коопсуз деген суроону жаратат.

НАТО болсо талиптердин кол салуулары күчөгөндүктөн улам, Ооганстанга жүк жеткирүү жана башка логистикалык максаттарын мурдагы советтик жумурияттарынын жардамы менен чечүүгө активдүү киришти. Бишкектеги "Манас" аэропортундагы транзиттик борбордон тышкары, Россия, Казакстан, Өзбекстан өз аймактары аркылуу аскерий эмес жүк ташууга уруксат беришкен.

Анткени менен согуштук максатта керектелчү жүктүн 75 проценти жана күйүчү майдын 40 проценти Пакистандын түндүгү аркылуу ташылат.

НАТОнун жүк ташуучу унааларына кол салынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:21 0:00

XS
SM
MD
LG