Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51

Пешевардагы кыянатта 11 кишинин өмүрү кыйылды


Пакистан -- Пешеварда жарылган дүрмөттөн Pearl Continental конок үйүнүн бир ыптасы кыйрап калды.
Пакистан -- Пешеварда жарылган дүрмөттөн Pearl Continental конок үйүнүн бир ыптасы кыйрап калды.

Шейшемби күнү түнгө маал Пакистандын Пешевар шаарындагы конок үйлөрдүн биринде дүрмөттөлгөн машина жарылып, 60тай киши жарадар болду, он беш чакты адамдын, алардын ичинде гуманитардык уюмдарда иштеген эки кызматкердин да өмүрү кыйылды.

Пешевардагы балаамат үчүн жоопкерчиликти азыр эч ким өзүнө ала элек. Бирок бул талиптердин колунан келген иш экенинен шектеген да эч ким жок.

Түндүк-Батыш чекара провинциясынын маалымат министри Миан Ифтихар Хусейн кечээ түндө болгон кыянат өкмөттүк аскерлердин Сватта өткөрүп жаткан операциялары үчүн талиптердин өч алган иши болду деп ырастап, мындай окуялар дагы кайталанышы ыктымал экенин эскертти.

Күбөкерлер ырасташкандай, жүк ташыма машинага түшкөн куралдуу жоон топ киши адегенде мейманкана кыдырата курчалган тосмону жарып өткөнү жапырык салып, туш келди ок жабылтып киришкен. Аңгыча алардын дүрмөттөлгөн машинасы конок үйүнүн алдындагы автоаянтка жеткенге үлгүрүп, дароо жарылып кеткен.

"Атышуу башталганда эле мейманканада тургандар тапалаңга түшүп,дүрбөп калышты, аңгыча чоң жарылуу болду",-деп билдирди күбөлөрдүн бири.

Pearl Continental конок үйү Пешевардагы беш жылдыздуу мейманкана болгондуктан аны негизинен чет элдиктер конолгоп турушкан. Набыт болгондор арасында алар көп болуп чыкты. Улуттар Уюмунун гуманитардык мекемелеринде иштеген сербиялык жана филиппиндик эки жаран да жайран болду. Биринчиси – качкындар комиссариатынын, экиничиси – ЮНИСЕФтин кызматкери болгон.

Регионалдык эксперттердин бири Фазал Рахим Марват талиптер кечээги кыянат аркылуу батыштагыларга Пешеварга келүү кооптуу экенин каңкуулады деп эсептейт. "Сваттагы операциялардан кийин өкмөт бул конок үйүндө колдон келген бардык коопсуздук чараларын көргөн эле",-дейт ал. Сырттан келгендерди атайын аппараттар менен текшерип, атүгүл үйрөтүлгөн иттерге жыттатып жатып,анан киргизишчү.

Дүрмөт жарылган жерде оңурайган чоң ор пайда болду, конок үйдүн бир капшыты кулап түштү. Полиция иштин чоо-жайын иликтеп, 500 килодой дүрмөт жарылганын аныктады.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун бу кыянат-кылмышты жасагандарды кескин айыптады. Пакистандын премьер-министри Юсуф Реза Гилани да балааматчыларга акаарат айтып, алар табыларына,тийиштүү жазасын аларына ишендирди.

Пакистан армиясы бир айдан ашуун убактан бери Пешеварга жуук Сват өрөөнүндө козголоңчуларга каршы уруш ачып,аймакты алардан тазалаганга аракет кылып жатат.Талиптер өкмөттөн өч алышарын, өлкөнүн ири шаарларында жооп кайтарган операцияларды өткөрүшө турганын бир нече курдай айтышкан. Өткөн айда талиптердин бир жанкечтиси Лахордо бомба жардырып, 28 кишинин өмүрүн кыйды.

Пешевардагы кыянатта канча киши жабыркаганы тууралуу так маалыматтар жок. Айрым булактарга ылайык, набыт кеткендер он сегизге барат, жарадар болгондор жетимиштен ашат. Алардын арасында ЮНИСЕФте иштеген немец жана британ жараны бар дешет.

XS
SM
MD
LG