Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Пакистанда лөк талипке каршы согуш узакка созулчудай


Пакистандын армиясы Ооганстан менен чек арага жакын аймактарды аткылап жатат. 18-июнь, 2009-жыл
Пакистандын армиясы Ооганстан менен чек арага жакын аймактарды аткылап жатат. 18-июнь, 2009-жыл

Пакистандын армиясы өлкөдөгү талиптердин ана башы саналган Байтулла Мехсудга каршы «чечкиндүү чабуул» баштаганын жарыялады. Мехсудду Пакистандагы кандуу калабалардын көбүн уюштурган деп айтышат. Бирок соңку чабуулдар жыйынтыксыз болгондугун эске алганда, Вазиристандагы азыркы согуш операциялары жакында бүтпөй тургандай.

Мехсуддун куралчандары көзөмөлдөгөн Вазиристанда Пакистан алгач аскер топтоп, анан чабуулга өттү. Түндүк-Батыш чек ара дубанынын акими Оваис Ахмед Гани бул багытта «чечкиндүү чабуул» башталганын 14-июнда билдирди:

- Күнөөсүз атуулдарды жана биздин өлкөнү террористтерден, исламдын душмандарынан коргоп калуу үчүн өкмөт кеңири, чагылгандай тез, чечкиндүү чабуул баштоону чечти. Кан ичкичтердин көзүн тазалаш үчүн Пакистан армиясына жана башка күч органдарына колдо болгон ресурстарды бириктирүүгө буйрук берилди.

Мехсуддун турумдары алгач 13-июнда бомбаланды. Пакистандын аскер башчылары кийин Түштүк Вазирстандын Макеен айылын бомбалоодо Өзбекстан ислам кыймылынын башчысы Тахир Юлдашев жарадар болгондугун билдирди. Юлдашев өзбек жана башка борбор азиялык куралчандардын кол башчысы деп саналат. Пакистандык аналитиктердин айтымында, булар Мехсуд армиясынын чордонун түзүп, Пакистандагы экстремисттик аракеттердин алдыңкы катарында турат.

Байтулла Мехсуд Пакистандагы талибдердин эң ири Техрик-е Талибан биримдигин жетектейт. Кошмо Штаттары Мехсудду «Ал-Каиданын Пакистандагы оң колу» деп мүнөздөгөн.

Вазиристандагы операциянын алдында Пакистандын президенти Асиф Али Зардари талиптерди өлкөнүн эң башкы душманы деп сүрөттөгөн:

- Биздин эр жүрөк аскерлер Пакистанды аман сактап калыш үчүн согушуп жатышат. Бүт өлкө согушкерлерге каршы көтөрүлдү. Биз элибизге өз идеяларын күч менен таңуулоону каалагандар менен согушуп жатабыз. Булар өздөрүн талиппиз, демек окуучубуз дешет. Бирок алар сабатын жазууну каалабайт. Алар - агартуунун душмандары, анткени мектептерди жардырып, биздин балдардын билим алышын үзгүлтүккө учуратып жатышат. Алар бейкүнөө адамдарды кырып жатышат.

Пакистандык байкоочулар өкмөт башка талип топторун Мехсуддан алыстатуунун ар кандай амалын жасап жаткандыгын айтышууда. Бирок аналитиктер бул чабуул создугуп кетиши мүмкүн экендигин белгилешүүдө. Ооганстан менен чектешкен Вазиристан борбордон алыс, бийик тоолуу аймак. Бул жакты дагы деле Мехсудга берилген, мыкты машыккан миңдеген согушкерлер бийлейт.

Буга чейин Пакистан армиясы 2005 жана 2008-жылы да мында операция жүргүзүп, бирок алардан майнап чыккан эмес. Акыры өкмөт Байтулла Мехсуд менен элдешүүнү чечкен. Айрым сын пикирдеги баядамачылар элдешүүнү Мехсуд күч топтоп, коңшулаш аймактардагы таасирин күчөтүүгө пайдаланып кеткендигин айтышууда.

XS
SM
MD
LG