Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Пакистан Сватта апелляциялык ислам сотун түздү


Пакистан -- Жергиликтүү тургундар коогалаң аймактардан жер которуп кетип жатышат.
Пакистан -- Жергиликтүү тургундар коогалаң аймактардан жер которуп кетип жатышат.

Пакистан бийликтери Сват өрөөнүндө апелляциялык ислам сотун түзгөнүн жарыялашты. Буга катарлаш "Талибанды" тынчтык келишимин бузганы үчүн айыпташты. Өкмөттүк аскерлер Бунерде тазалоо операцияларын өткөрүп жатышат.

Быйыл февралда Исламабад өкмөтү "Талибан" менен келишим түзүп, өлкөнүн түндүк-батыш провинциясындагы Сват өрөөнүнө жана ага чектеш Малаканда аймагына шариат эрежелерин киргизгенге макул болгон эле. Ошол келишимдин негизинде өткөн аптанын этегинде өрөөндө Дар-ул Газа - апелляциялык ислам соту уюштурулду, ага эки судя дайындалды.

"Өкмөт ушуну менен өзүнүн убадаларын толук аткарып бүттү, эми "Талибан" өз милдеттерин аткарышы керек",- деп айтты өлкөнүн маалымат министри Миан Ифтихар Хуссейн ишемби күнкү пресс-конференцияда.

Келишимдин шартына жараша талиптер куралсызданууга тийиш.

Бирок талиптер убадасын аткармак турсун Сватка шариат эрежелери киргизилгенден көп өтпөй коңшулаш Бунер районуна өтүп келишип, бул жерде да өз тартибин орнотконго кирише баштады. Өкмөт ал жерге шашылыш аскер киргизгенге арагасыз болду. Жогорку командачылыктын өкүлдөрү операция учурунда ондогон талиптер тыйпыл кылынганын, алдыдагы күндөрдө Бунер алардан толугу менен тазалана турганын айтышууда.

Мунун соңунан жекшемби күнү Исламабад "Талибанды" келишимдин шарттарын бузганы үчүн айыптады. Алар Сваттагы банкты талап алышкан, электр мамыларын уратып, бир көпүрөнү жардырып жиберишкен. Мындан тышкары Сваттан дүрмөттөлгөн автомашина табылган. Аскери жетекчилик талиптер аны террордук операция үчүн даярдашкан деп эсептешет.

Жергиликтүү тургундар учурдагы окуяларга ар башкача баа беришүүдө. Талиптер келген жерлерден көпчүлүк адамдар жер которуп, башка жактарга кетип жатышат.

"Бу террорчулар колуна урунган бардык мал-мүлкүбүздү талкалап салышты. Беш-алты күндөн бери азык-түлүгү жок отурабыз. Талиптер май куйма жайлардан, жада калса автомобилдерден да бензиндин баарын түгөл сордуруп алып коюшат. Адамдарды кагып-согуп, акчасын тартып алышат. Аялдарды талиптерге тамак-аш даярдаганга мажбурлап, болбосо үйлөрүнөн кууп чыгабыз деп коркутушат",-дейт бунерлик тургундардын бири.

Жергиликтүү бир соодагер: "Калк ислам эрежелерин каалайт, эгер шариат орносо, адамдар араздашпай, бейпилдик келет, элдин көксөгөнү ушул”,-деп билдирди.

Бирок башка бир кыштактан келген киши аймактагы өкмөттөр эски мыйзамдар менен эле иштеп жатканын, жаңы шариат эрежелери иштей электигин маалымдады.

Өткөн айда Пакистандагы кырдаалга катуу камтамачылык билдирип,АКШ Пакистан бийликтерин Бунерде, Сватта жана башка аймактарда позициясын "Талибанга" жана "Ал-Каидага" алдырып жатканы үчүн сынга алган эле. Кырдаалды талкуулаганы Барак Обама 6-майда Вашингтондо ооган лидери Хамид Карзай жана Пакистан президенти Асиф Али Зардари менен жолугушуу өткөрөт.

XS
SM
MD
LG