Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Пакистан “Талибан” менен жарашканы жатат


Пакистан -- Убактылуу жарашуу келишиминен кийин Сват өрөөнүндө кыздардын мектеби кайра ачылды.
Пакистан -- Убактылуу жарашуу келишиминен кийин Сват өрөөнүндө кыздардын мектеби кайра ачылды.

Пакистандык талиптер Сват өрөөнүндө өкмөт менен жарашуу мөөнөтүн узаратканга макул болушканын айрым маалымат агенттиктери кабарлашты. Азырынча ырасмий Исламабад өкүлдөрү бул кабарды тастыкташа элек.

Дүйшөмбү күнү Пакистан армиясынын өкүлү генерал-майор Атаб Аббас болгону Сват өрөөнүндө аскери операциялар токтотулганын ырастап, бул жерде азыр саясий жарашуу аракеттери жасалып жатканын билдирди.

Өткөн аптанын этегинде өкмөт менен жергиликтүү талиптер Түндүк-батыш чек ара провинциясына (ТБЧП) караган Малаканда округунда уруштарды убактылуу токтотуу тууралуу келишимге жетишкен эле. Биротоло жарашуу үчүн талиптер Сват өрөөнүнө шариат эрежелерин киргизүүнү талап кылган, Исламабад буга макул болгон.

Батыш өлкөлөрү,өзгөчө АКШ Исламабаддын бул кадамын колдошкон жок. Алар Сват өрөөнүнө шариат эрежелери киргизилсе,ансыз деле Пакистандын амири анчейин өтпөгөн Түндүк-батыш чек ара провинциясында ар кошкон козголоңчулар үчүн баш калкалай турган коопсуз дагы бир сыйынт жер пайда болот деп кооптонушат. Ушул жана башка маселелерди талкуулаганы Пакистан тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши шейшемби күнү Вашингтондо болот.

Мындан эки күн мурда премьер-министрдин кеңешчиси Шаукат Тарин соңку тогуз айдын ичинде түндүк-батыш райондорундагы антитеррордук өнөктүк үчүн сарпталган 1 миллиард доллардан ашуун чыгымдын ордун толтуруп берүүнү АКШ өкмөтүнөн талап кылды.

Операциялар үчүн Пакистан ай сайын бюджеттен 150 миллион доллар каражат коротууда. Анын 100 миллионун көтөргөнгө Вашингтон сөз берген. “Бирок былтыр майдан бери биз алардан бир цент да каражат ала элекпиз. Түндүк-батыш аймактагы операциялар Пакистан үчүн эле эмес,АКШ үчүн да керек”,-деп айтты премьердин кеңешчиси.

Исламабад түндүк-батыш аймактарда 2007-жылдан бери антитеррордук кампания өткөрүп жатат. Анын жүрүшүндө Сват өрөөнүндө миңден ашуун жазыксыз адамдын өмүрү кыйылды, миңдеген тургундар аймактан качып,жер которуп кетишти. Өкмөт да ондогон жоокерлерин жоготту. Акыры Исламабад жергиликтүү талиптер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө аргасыз болду.

Жекшемби күнү ТБЧПнын башкы министри Амир Хайдер Хан сваттыктарга 30 миң мылтык таратып, буга кошо 2,5 миңдей мыкты куралданган кишиден антитеррордук полиция түзгөнү жатканын жарыялады.Кокус талиптер жарашуунун шартын буза турган болсо, калк алардан ушундай жол менен гана коргоно алат.

Башкы министрдин бул планын пуштун улутчулдарынын 82 жаштагы адыйы,таасирдүү саясатчы Афсал Хан да колдоду. Өкмөттүн аскерлерин ал жергиликтүү кыштактарды козголоңчулардын бүлүк-бүлгүнүнөн коргой албайт,күндүзү күзөттө турушуп, кечинде казармарларга кайтып кетишет дейт.

Буга катарлаш “Талибандын” Пакистандагы бөлүмүнүн башчылары уруулар жашаган дагы бир райондо – Бажуар жеринде уруштарды токтотушканын жарыялашты.

XS
SM
MD
LG