Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Талиптер өч алганга өтүштү


Исламабад-- Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кеңсесинде жарылган бомбадан жабыркагандардын бири.
Исламабад-- Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кеңсесинде жарылган бомбадан жабыркагандардын бири.

Исламабадда Улуттар Уюмуна караштуу кеңседе бомба жарылып, бери дегенде төрт адам набыт кетти, алты киши жарадар болду. Кыянат үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Жанкечтинин бомбасы Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жайгашкан имаратта жарылды. Кеңсе Исламабаддагы бекем күзөткө алынган жайлардын бири эле. Бу жерде 70тей адам иштейт.

Полиция ырастагандай, жанкечти имаратка өзүн коопсуздук кызматынын өкүлү катары көрсөтүп өтүп кеткен. Аны жыйырма жаштын ар жак бер жагында дешет.

Ассошейтед пресстин кабарчысына кеңседе иштеген кызматкерлердин бири бомба ылдыйкы кабатта жарылганын маалымдады. "Мен өйдөкү кабатта элем, капыстан эле төмөн жактан кулак тундурган жарылуу чыкты, шашылып ылдый түшсөк,бир нече киши канга жуулуп, сулап жатыптыр. Аларды ошо замат ооруканага жөнөттүк",-деп айтты ал.

Пакистан медицина илимдер институтунун өкүлү ооруканага "өлгөн эки кишинин сөөгү менен бирге төрт киши оор абалда түшкөнүн" ырастады.

Жарадар болгондор алтоо деп айтылган эле, бирок алардын саны ондон ашчудай. Мерт кеткен төрт адамдан үчөө кеңсе кызматкерлери-жергиликтүү эки аял жана ирактык киши - экени аныкталды.

Кеңсе директорунун орунбасары Амир Абдулла бүгүнкү кыянатты "Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы үчүн гана эмес,жалпы эле Пакистанда гуманитардык көмөк көрсөтүп жаткан бардык уюмдар үчүн чоң касирет" катары баалады. Набыт кеткендердин жана жарадар болгондордун жакындарына көңүл айтып,алардын баары бул өлкөдөгү "жакыр-жалчыларга каралашып, Пакистандагы ачарчылыкка каршы күрөштүн алдыңкы чектеринде жүргөн каарман адамдар" болгонун белгиледи.

Кыянатты Пакистандын премьер-министри Сайед Юсуф Реза Гиллани да айыптап, ишти ар тараптан иликтеп чыгууну тийиштүү мекемелерге табыштады. Анын соңунан Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун кедей-кембагалдарга жардамдашып жаткан соопкер адамдарга жасалган карасанатайлыкты "жеткен жексур кылмыш" деп атады.

Мындай окуя соңку үч айдан бери Исламабадда боло элек эле. Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Кыянат үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.

Байкоочулар муну жакында катуу сокку жеген талиптер эсине келип, позициясын бекемдей баштаганын көрсөткөн ишаарага жорушту. Өткөн аптада Пакистандагы талиптердин жетекчиси Хакимулла Мехсуд жаңы операциялар даярдалып жатканын айтып, өздөрүнүн мурдагы лашкербашчысы Байтулла Мехсуддун өлүмү үчүн өч алыша турганын эскерткен. Талиптердин жогорку колбашчысы быйыл августта америкалыктардын аба жапырыктары маалында мерт болгон.

XS
SM
MD
LG