Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Пакистанда партизандык уруш башталды


Пакистан -- Лахордогу антитеррордук агенттиктин кеңсесин бошоткону полициянын тандалма күчтөрү чакыртылды.
Пакистан -- Лахордогу антитеррордук агенттиктин кеңсесин бошоткону полициянын тандалма күчтөрү чакыртылды.

Пакистандын түндүк-чыгышында талиптер бир нече шаарда полициянын, атайын күчтөрдүн кеңселерине, машыгуу жайларына кол салышты. Жалпы эсепте кырктай адам набыт болгону айтылууда.

"Душман бизге каршы партизандык согуш жарыялады",-деп билдирди өлкөнүн ички иштер министри Рехман Малик жергиликтүү телеканалдагы сөзүндө.

Талиптер адегенде Лахор шаарында федералдык иликтөө мекемесинин аймактагы кеңсесине кол салышты. Уруш салып имаратка кирип келген жоон топ талиптер менен полиция бир сааттай айыгыша аткылашты. Агенттиктин төрт кызматкери окко учту. Бир жанкечтинин күрмөсү, ага оролгон колбомбалар табылганын полициянын өкүлү кабарлады.

Лахордо журналисттерге маалымат берип, аскерий жогорку командачылыктын өкүлү генерал Шафкат Ахмед кырдаалды коопсуздук күчтөрү толук контролдоп турганына ишендирди. "Террорчулардан беш киши өлдү, айрымдары өздөрүн жардырып жиберишти, калгандары атышуу учурунда жок кылынды",-деп айтты ал.

Буга катарлаш ушул эле Лахордо полициянын эки мектебине, алардын ичинде аэропортко жакын жердеги атайын күчтөрдүн машыгуу борборуна куралдуу жапырык жасалды. Бийлик өкүлдөрү бир курсантка ок жаңылганын айтышты, кагылыштардын калган чоо-жайы тууралуу азырынча кең-кесири маалыматтар жок.

Өлкөнүн түндүк-батышындагы Кохат шаарында жанкечти-террорчу дүрмөттөлгөн машинасын жергиликтүү полициянын имаратына айдап кирип, жардырып жиберди. Кеңсенин бир ыптасы кулап түштү, урандылар алдында адамдар болушу мүмкүн дешет. 20дай киши жабыркаганы, он чактысы мерт болгону такталды.

Сват өрөөнүнө жуук Шангла шаарында коопсуздук күчтөрү өтүп бараткан жолдо бомба жарылып, аскерлерди тартып бараткан бир нече автомашина талкаланды. Канча киши набыт болгону айтылбады. Быйыл жайда эле Пакистан армиясы Сват козголоңчулардан толугу менен тазаланганын ырасташкан эле. Байкоочулар бу жердеги операциялардан кийин козголоңчулар коңшулаш райондорго өтө качышканын айтышкан.

Шангладан соң Алпурай шаарында ооруканага жакын базарда дүрмөттөлгөн машина жарылып, ондогон кишилер,алардын ичинде коопсуздук кызматкерлери жарадар болду.

Өткөн ишембиде талиптер армиянын Равалпинди шаарындагы башкы штабын аткылашкан эле.

Өлкөнүн ички иштер министри Малик талиптер Равалпиндиде барымтага алган адамдарды бошоткону үчүн аскер бөлүктөрүнө ыраазылык билдирди. Министр козголоңчуларга каршы операциялардын планын өкмөт бекиткенин маалымдады. "Операция болбой койбойт, болгону анын качан башталарын гана тактоо керек",-деп айтты Малик.

Деген менен талиптердин соңку күндөрдөгү операциялары, айрыкча армиянын башкы штабына кол салганга батынышканы бийликтердин аброюна катуу кадик түшүрдү.

Масштабдуу операциялар Ооганстанга чектеш Түштүк Вазиристанда өткөрүлгөнү жатат.

Жергиликтүү эксперт Имтиаз Гүл козголоңчулардын активдешип жатканын эки себеп менен түшүндүрдү. Биринчиден, алар армиянын,коопсуздук күчтөрүнүн көңүлүн Түштүк Вазирстандагы операциялардан алагды кылгысы келишет. Экинчиден, алар шаарларда жашаган калктын үшүн алып,тапалаң салууну көздөп жатышат.

Гүл Вазиристандын чоң мааниси бар, анткени бул аймакты Өзбекстан ислам кыймылы өңдүү террорчул топтор уюк кылып алышты деп эсептейт. Алардын баарын "Талибандын" мурдагы башчысы Байтулла Мехсуд, эми анын иниси Накимулла башкарат. Бу күчтөр "Ал-Каида" лидерлеринин бири Айман ал-Завахири айткан "айныгыс ислам лашкерлерине" кирет.

Вазиристанды Кашмир аймагында аракеттенип, ал жактан ооп келген "Пенжаб Талибан" тобуна кирген экстремисттер менен жихадчылар да сыйынт кылып алышкан.

XS
SM
MD
LG