Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Пакистан: Оппозиция лидери бийликтин үй камагына алуу чечимине баш ийбеди


Азыркы президент Али Асиф Зардари менен оппозиция лидери Навази Шариф былтыр бул убакта парламентте коалиция түзүшкөн эле.Бирок алардын өнөктөштүгү кыска эле убакытка созулду.
Азыркы президент Али Асиф Зардари менен оппозиция лидери Навази Шариф былтыр бул убакта парламентте коалиция түзүшкөн эле.Бирок алардын өнөктөштүгү кыска эле убакытка созулду.

Пакистанда оппозиция лидери мурдагы премьер-министр Наваз Шариф полициянын аны үй камагына олтургузуу чечимине моюн сунган жок. Оппозиция лидерин үй камагына отургузуу менен Пакистан бийлиги ал өкмөткө каршы өлкө боюнча өтүп жаткан нааразылык акциясына башчылык кылуусуна жол бербөөнү көздөгөндөй.

Пакистандын булуң-бурчунан чыккан демонстранттар дүйшөмбү күнү, башкаала Исламабадда, парламент имараты алдына чогулууну көздөшүүдө.

Нааразылыктардын бул жолку толкуну бейшембиде башталган, андан бери полиция оппозициянын жүздөгөн активисттерин жана юристтерди камакка алууга үлгүрдү. Ал эми оппозиция лидери, мурдагы өкмөт башчы Наваз Шарифти үч күнгө үй камагына жекшемби күнү эртең менен отургузган эле. Муну менен бийлик анын Лахордогу жекшемби күнкү демонстрацияда сүйлөөсүнө жол бербөөнү көздөшкөндөй.

Бирок Наваз Шариф үйүнөн чыкпоо жөнүндөгү буйрукка моюн сунбастан, чогулгандарга кайрыла алды. Үй камагына алынуусун мыйзамсыз, ыймансыз жана Конституцияга каршы келген чара катары баалады. Жактоочуларын башкааланы көздөй багытталган нааразылык жүрүшүнө кошулууга чакырып, өкмөт адамдарды күч менен токтото албоосун эскертти.

Навази Шарифтин партиясы - Пакистан мусулман лигасынын мүчөлөрү бүгүн анын Лахордогу үйүнүн алдында жыйналып, өкмөткө каршы нааразылыгын улантарын, парламенттин тепкичтерине барып отуруу үчүн эртең Исламабадга жетишерин убада кылды. Партия мүчөлөрүнүн бири Саад Рафик Лахордон Рейтердин кабарчысына буларды айтты:

- Алар жыйын болуучу жерге жетишет. Эгер жолдон токтотула турган болушса, жумушчулар тосмолорду бузуп, талкалашат жана каршылык көргөзүшөт.

Нааразылыка чыккандар сот системасы саясий кийлигишүүлөрдөн эркин болуусун, өкмөт көз карандысыз сот системасын орнотуу жөнүндөгү убадасын аткаруусун, Жогорку соттун мурдагы төрагасы Ифтикар Чаудринин кызматка кайра коюлуусун талап кылышууда. Чаудри иштен 2007-жылы мурдагы президент Первез Мушараф тарабынан четтетилген.

Пакистандык юристтер Равапинди шаарындагы демонстрация учурунда. 13-март, 2009.
Ал эми оппозиция лидери Наваз Шариф азыркы нааразылык акцияларын Жогорку соттун азыркы курамы өткөн айда ага карата чыгарган чечимден кийин колдоодо. Жогорку Сот Наваз Шарифти жана анын бир тууганы Шахбаз Шарифтин шайланма кызматтарды ээлөөсүнө тыюу салган болчу. Шариф бул чечимдин артында турганы үчүн президент Асиф Али Зардаринин өкмөтүн айыптаган.

Өкмөт оппозиция үчүн чегинүүгө баруу ниетин көргөзгөндөй болуп, бул чечимди кайра кароого дилгирлигин билдирди.

Буга чейин Пакистанда саясий кризис жаралган кезде, бийликти армия колго алган учурлар көп кездешкен. Аналитиктер азыр мындай көрүнүш кайталанбачудай экендигин, бирок буга тынчсызданууга жүйөө бардыгын айтышууда.

Кризис Кошмо Штаттарды да камтамага салуусу мүмкүн. Анткени ички саясий кармаштын курчуусу Пакистанды Ооганстан менен чек арада согушкерлерге каршы күрөшүү иштеринен алагды кылат. Пакистан тараптын мындай аракети болсо АКШнын "ал-Каида" менен Талибанды жеңип, Ооганстанда тынчтык орнотуу планында чечүүчү иш катары каралып келген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG