Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Пакистандын Сват өрөөнү шарият жолуна түштү


Cват өрөөнүндөгү Миногра шаарынын калкы шарият мыйзамдарынын киргизүү жөнүндөгү жарлыктын чыгышын майрамдашууда, 14-апрель
Cват өрөөнүндөгү Миногра шаарынын калкы шарият мыйзамдарынын киргизүү жөнүндөгү жарлыктын чыгышын майрамдашууда, 14-апрель

Пакистан президенти Асиф Али Зардари Сват өрөөнүндө жана коңшулаш Малаканд регионунда шариятты колдонуу жөнүндөгү жарлыкка 13-апрелде кол койду. Бул чара талиптерге бийлигин каалагандай жүргүзүүсүнө өбөлгө түзөт деген кооптонууларды жаратты.

Сват өрөөнүнүн көпчүлүк калкы талиптер эми 1990-жылдарда Ооганстанда орноткондой орто кылымдык тартиптерди бизге таңуулабайбы деп кооптонушат. Анткени, пешаварлык адвокат Шер Мухаммед Хандын айтышынча, азыр эле талиптердин “кой деген кожосу жок”:

- Азыр бардык бийлик талиптерде. Өкмөттүк бир да мекеме иштебейт. Болочокто эмне болот? Кеп биздин кубанганыбызда же ыйлаганыбызда эмес. Бирден бир тилегибиз: Эки жак тынчтык жөнүндөгү сөзүндө турсун.

Шер Мухаммед Хан Сват жергесиндеги тынбаган калабалардан жадап, Түндүк Батыш Чекара провинциясынын борбору Пешаварга көчүп кеткен.

Февралда провинциянын өкмөтү Сватта тынчык орнойт деген ниетте жергиликтүү талиптер менен өрөөндө шарият мыйзамдарын
Талип согушчандары Сват өрөөнү менен Бунер району чектешкан аймакта черүүдө жүрүшөт, 11-апрель 2009
киргизүү жөнүндө келишим түзгөн. Талиптер ок атышууларды токтотууга макулдук бергени менен алиге куралдарын таштай элек. Учурда алардын өз бийлигин башка жерлерге жайылтканы жатканы байкалат.
"Азыр бардык бийлик талиптерде. Өкмөттүк бир да мекеме иштебейт. Болочокто эмне болот?" Шер Мухаммед Хан, адвокат
Өткөн аптада Сват талиптеринин жоон тобу коңшу Бунер аймагына кирип, 13 кишинин канын төгүп жатып, өз бийлигин орнотту. Сопу олуясына тургузулган эски сагананы жабылды. Эми жаштарды талип аскерине берип, Бунерде шарият мыйзамдарын киргизүүгө көмөктөшүүсүн элден талап кылышууда.

Талиптер Пакистандын чыгышындагы бай жана көп элдүү Пенжаб провинциясындагы жергиликтүү согушчандар менен да альянс түзгөнүн 14-апрелде “Нью-Йорк Таймс” гезити маалымдады. Пенжаб ондогон жылдардан бери экстремисттердин түнөк жайы болгондуктан, жаңы союз исламчыл согушчандардын региондо үстөмдүк кылуусуна мыйзамый жактан кеңири жол ачат деп кооптонушат пакистандык талдоочулар.

Сват өррөнү менен Малаканд регионун шарият канондору боюнча башкарууга өткөрүү, пешаварлык адам укугун коргоочу Камран Арифтин сөзүнчө, адам укугун “көргө көмгөн күн” болду. Анткени бул эки аймакта Пакистандын мыйзамдарын аткарууну татаалдантат:

- Негизинен ислам согушчандары бул куралдуу күрөш деп ойлошот. Себеби алар согушту жеңдик, ошон үчүн шарият колдонулууга киргизилди деген ишенимде. Албетте алар дагы көп адамдарды жалдайт. Алар Сватта согушуп жатпагандыктан, провинциянын башка бөлүктөрүндө эркин аракеттене баштайт.

Ырасмий Кабыл сваттык экстремисттер менен Түндүк Батыш Чекара провинциясынын өкмөтү түзгөн келишим, талиптердин региондогу таасирин бекемдеп, Ооганстандагы ишмердүүлүгүн күчөтөт деген тынчсыздануусун билдирди.

Кошмо Штаттар Сват өрөөнүн исламий башкарууга өткөрүү адам укуктарына жана демократиялык баалуулуктарга каршы келет деп, провинциалдык өкмөттүн берегидей чечимин сындады.
XS
SM
MD
LG