Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Пакистан аскерлерин Индияга жакын жайгаштырды


Пакистан Индия менен чектеш аймактарына миңдеген аскерлерин жайгаштырууда. АКШ болсо тараптарды абалды курчутпаганга чакырды. Пакистандын аскерлеринин башка жерлерге жылышы «Аль-Каида» жана талиптерге каршы күрөштү да токтотуп коюшу ажеп эмес.

Пакистандык жетекчилик өзү аскерлерин Индия менен чектеш аймакка жылдырып жатканын жөнөкөй эле коргонуу чаралары менен байланыштырды. Бирок өзөктүк куралы бар бул эки коңшулаш өлкөнүн ортосундагы мамилелерди эске алганда, бул өңдүү аракет конфликттин башталышы болушу мүмкүн деген да кооптонууларды жаратат.

Өткөн айда Индиянын Мумбай шаарындагы чабуулдар үчүн Индия Пакистанды айыптап келатат. Ал окуяларда 170 ашуун адам көз жумган. Пакистан болсо буга ачык далил менен келгиле деп, чабуулдарга катыштыгы жок экенин кайталоодо.

Пакистандын өкмөт-башчысы Юсуф Раза Гилани «Пакистан өзүнүн коңшусу менен согуш ачууну каалабай тургандыгын» бир нече ирет кайталады. Бирок Пакистан өзүн аргессиядан коргош үчүн аракеттерди көрүшү керек, - деди ал.

Бүгүн Пакистанда маркум Беназир Бхуттону эскерүү учурунда ал «Биздин союздаштар азыр Индияны агрессивдүү кадамдардан оолак болууга көндүргөнгө аракет кылып жатышат», - деп билдирди. «Ошол эле учурда биздин куралчан күчтөрүбүз жогорку деңгээлдеги профессионалдар экенин айтым келет. Алар толугу менен даярдыкта турушат. Бирок биз өзүбүз согушту баштабайбыз, биз ага жооп гана кайтарабыз», - деди Пакистандын премьер-министри.

Маалымат агенттиктери аты аталбаган пакистаңдык коопсуздук кызматынын өкүлүнө шилтеме жасап, аскерлерди Важиристандан Индияга жакын жердеги Касур жана Сиалкот шаарчаларына жайгаштыруу иши өткөн шейшембиде башталганын жазып чыгышты.

Эгер айтылган план боюнча «Аль-Каида» жана талиптерге каршы күрөшүп жүргөн 20 миңдей аскер Индия тарапка жайгаштырылса, анда террорго каршы АКШ колдогон аракеттер да үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Жума күнү Индия өзүнүн жарандарын Пакистанга саякатка чыкпоого үндөдү.

Кошмо Штаттарынын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Гордон Жондроу болсо эки тарапты тең тынчтанууга, «ансыз деле оор абалды, андан бетер татаалдаштырбаганга» чакырды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG