Иордандын Батыш жээги менен Газа секторунда январга белгиленген президенттик жана парламенттик шайлоого катышпай турганы жөнүндө 74 жаштагы Махмуд Аббас теледен жасаган кайрылуусунда айтты. Израиль менен тынчтык жараянынын учурдагы абалына ичи чыкпай турганын билдирген палестин лидери “ Биз жолдун кесилишиндебиз, айлардан, жылдардан соң биз өзүңдү-өзүң сооротуу менен созуудан башка эч нерсени көргөн жокпуз”,- деп белгиледи.
Махмуд Аббастын мындай жарыясынан бир нече күн алдыда аймакка АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон токтоп турган тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандыруу аракетинде келип кеткен эле. Эми эгер палестин лидеринин чечими өзгөрүүсүз калса, Вашингтон тушуккан көйгөйлөрдү дагы көбөйтүүсү, тынчтык жараянындагы белгисиздикти азыркыдан да күчөтүүсү мүмкүн.
Палестин лидеринин кадамына карата, АКШ Мамлекеттик катчысы Клинтондун баштапкы реакциясы мындай болду:
- Менимче, эки мамлекет палестин эли үчүн өз мүдөөсүнө жетүүнүн жалгыз жолу. Ал эми Израиль үчүн коопсуздуктун кандайдыр бир түрүнө ээ болуу. Мен президент Аббас менен ушул максатка жетүүгө жардам берүү үчүн кандай жаңы мүмкүнчүлүк болсо да иштешүүгө даярмын.
АКШнын башка расмий өкүлдөрү болсо палестин лидерине чечимин өзгөртүүнү ишара кылышкандай. Ак үйдүн өкүлү Роберт Гиббс Вашингтондогу маалымат жыйында палестин лидерин мактады:
- Биз президент Аббасты терең урматтайбыз. Ал - палестин калкынын маанилүү жана тарыхый лидери, АКШнын ишенимдүү өнөктөшү. Менимче ал палестин элинин жакшы жашоосу үчүн иштеп келди.
Аббастын жарыясынын артында эмне жатат?
Ал эми Аббас чечимин кайра өзгөртөбү же өзгөртпөйбү, азырынча беймаалым. Анын президенттик мөөнөтү келерки жылдын январында аяктайт. Жакын кеңешчилеринин бири Яссер Абед Раббо анын сөзүнөн артынан эле Батыш маалымат каражаттарына Аббастын жарыясы “Израиль жана АКШнын бизге кысым көргөзүүсү жана колубузду кайруусу уланып жатканын улам чыккан кыйкырык катары кабыл алынуусу”,- керек деп айтты.
Израиль тарап палестин лидеринин жарыясына карата азырынча расмий баа бере элек. Бирок жергиликтүү маалымат каражаттары муну Израилден чегинүү алууну көздөгөн кадам катары сыпатташты.
Маалыматтар боюнча Египет, Иордания, Араб лигасынын расмий өкүлдөрү Аббасты алдыдагы шайлоого катышууга чакырышкан.
Бир нече айдан бери Вашингтондун Израиль менен Палестина ортосундагы сүйлөшүүнү жандандыруу аракетинен майнап чыкпай келүүдө. Махмуд Аббас жаңы сүйлөшүүлөрдүн башкы шарты катары Израиль Иордандын Батыш жээгинде жөөт конуштарын куруусун биротоло токтотуусун талап кылып жүргөн.
Бирок кабарларга караганда, палестин лидерин АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун ушул айдын башында аймакка келген учурунда айткан сөздөрү териктирди. Ал Израилдин жаңы конуштарды курууну бир аз чектөө жөнүндөгү сунушун “буга чейин болуп көрбөгөн” иш катары баалаган.
Аналитиктердин пикиринде, сүйлөшүүлөрдөгү жылыштын жоктугу палестиндер арасындагы бедели ансыз деле төмөндөп бара жаткан Аббас үчүн саясий сокку. Элдин колдоосун алуу үчүн ал кандайдыр бир ийгиликтерди көрсөтүүгө муктаж. Анын үстүнө Аббастын абалын ал жетектеген “Фатх” кыймылына атаандаш “Хамас” тобунун Газа секторун көзөмөлдөөсү да татаалдаштырууда. Израиль менен тынчтыкка такай каршы чыгып келген “Хамас” кандай кемчилик болбосун, Аббастын “Фатх” кыймылы колдогон тынчтык жараяны оңунан чыкпай калганынын далили катары көргөзүүгө даяр.
Өтүшү арсар шайлоо
Январдагы шайлоо “Хамастын” көзөмөлүндөгү Газа секторун Иордандын Батыш жээги менен бириктирүү аракетинде да белгиленген. Вашингтон болсо шайлоо Аббаска тынчтык жараянын ишке ашырууга жаңы мандат берет деп үмүттөнчү. Бирок “Хамас” январдагы шайлоону мыйзамсыз деп атаган. Бул согушчан топтун пикиринде, “Фатх” менен “Хамас” элдешүү келишимине жетишкенге чейин эч кандай шайлоо өтпөөсү керек.
Ушул фактылардын баары палестиндердин январда дегеле шайлоо өткөрө аларынан күмөн санатууда. Эми Аббастын шайлоого катышпай турганын жарыялосу бул белгисиздикти күчөттү.
Президенттикке Ясир Арафат дүйнөдөн өткөндөн кийин 2005-жылы шайланган Аббастын бийлик мөөнөтү быйылкы жылдын 9-январында аяктаган. Бирок ал бир тараптуу түрдө эле ыйгарым укугун келерки жылдын январына чейин узартып алган.