Америкалык аскерлердин Ооганстандагы өкүлү подполковник Руми Нильсон-Грин январда бир бригада аскер келерин,анын басымдуу көпчүлүгү Кабулга жуук Логар жана Вардак провинцияларына жайгаштырыла турганын ырастады. Айрым бөлүктөр Пакистанга чукул райондорго бөлүштүрүлөт.
АКШнын жана НАТОнун Ооганстандагы командачылыгы быйыл кышта талиптер менен “Ал-Каиданын” отряддары активдүү аракеттерге өтөт деп болжолдошот. Ошондуктан Кабулду алардын ар түрдүү операцияларынан коргоо үчүн ага жакын турган аймактарда коопсуздук чараларын күчөткөнү жатышат.
Америкалык контингенттин колбашчысы генерал Дэвид Маккирнан Пентагондон кошумча төрт бригада аскер сураган экен. “Азырынча январда 3,5-4 миң чамалуу контингент келери гана анык, калгандары тууралуу сөз боло элек, - деп билдирди колбашчынын орунбасары генерал-майор Майкл Такер. - Бу маселе Ирактан аскерлерди чыгаруу планына жараша чечилет”.
Жаңы президент Барак Обама Ооганстанды дүйнөлүк терроризмге каршы күрөштүн башкы фронту деп эсептей турганын жана бул жердеги аскер контингенти кошумча күчтөр менен толукталарын өткөн аптада Чикагодогу маалымат жыйынында бышыктады.
“The New York Times” жарыялаган кабарда алдыдагы он эки – он сегиз айдын ичинде Пентагон ооган жерине кошумча 20 миңдей аскер киргизгени жатканы айтылат. Ушу тушта бул өлкөдө баары болуп 62 миңдей чет элдик контингент бар,анын теңинен көбү – 32 миңи америкалыктар.
Жергиликтүү эксперттер менен байкоочулар аскерлердин санын арттыруу менен ооган проблемасын чечүү кыйын экенин эскертишүүдө. Парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты Шүкүриа Баракзай америкалык жаңы президентке баарыдан мурда күрөштүн аскерий жана саясий стратегиясын өзгөртүүнү сунуш кылды.
Ал эми пакистандык белгилүү журналист жана эксперт Ахмед Рашид бул үчүн баарыдан мурда регионалдык мамиле зарыл деп эсептейт. “Буга коңшулаш Иран,Индия,Борборазиялык беш өлкө тартылышы керек, андан соң Индия менен Пакистан,Иран менен АКШ, Ооганстан менен Пакистан ортосундагы талаштар сыяктуу аймактык проблемалар чечилиши керек”. Мунсуз жаңжалды жакын ортодо басуу кыйын.
Жекшемби күнү талиптер Пакистандын Пешевар шаарында НАТОнун автобазасына кол салып, Ооганстандагы контингентке жүк ташып бараткан токсондой автомобил өрттөндү.