Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Полшада президент эмки айда аныкталат


Варшава - Бронислав Коморовский жекшемби күнкү шайлоонун алгачкы натыйжалары жарыяланган соң өз тарапкерлерине ыраазылык билдирди.
Варшава - Бронислав Коморовский жекшемби күнкү шайлоонун алгачкы натыйжалары жарыяланган соң өз тарапкерлерине ыраазылык билдирди.

Полшада мамлекет башчылыгына эки талапкер калды. 4-июлда же Бронислав Коморовский, же Ярослав Качинский президент болуп шайланат. Мамлекет башчысына талапкерлердин эч кимиси шайлоонун жекшемби күндөгү биринчи айлампасында элүү проценттен ашык добуш топтой алган жок.

Жекшемби күнү добуш бергени келген шайлоочулардын саны 55 процентке чукул болду. Алардын 41 проценттен ашууну оңчулдардын "Жарандык платформа" партиясынын өкүлү саналган Бронислав Коморовскийди жактады, анын негизги атаандашы Ярослав Качинский 37 процентке жакын добуш алды. Солчул күчтөрдүн талапкери Гжегож Напералский 14 проценттей добуш топтоду.

Коморовский ушу тапта Сеймдин маршалы, бир эле мезгилде президенттин милдеттин аткарат. "Мага колдоо көрсөткөндөрдүн баарына, мени менен бирге иштегендерге, кол кысып, жылмайып, жылуу көз карашын билдирип, жардамдашкандарга ыраазылык билдиргим келет",- деп айтты Коморовский добуштардын жыйынтыктары маалым болгон соң. Алдыдагы мүмкүнчүлүгүнө токтолуп, ал жеңиш үчүн ишеним зарыл экенин, ушундай шартта шайлоону утуп чыкса болорун белгиледи.

Ага караганда Качинский кыйла байистүү маанидеги пикирин билдирди. "Экинчи айлампа Полшага байланыштуу эки башка көз караштын, саясий эки доктринанын жарышы болот,-деп айтты ал өз тарапкерлерине кайрылып. - Өлкөнүн келечегин биз эки башкача көрөбүз".

Эки жумадан кийин боло турган шайлоодо келерки президент ким болорун солчулдардын электораты чечет дешет. Социологдор алар негизинен Коморовскийге ооп кетерин болжолдоп жатышат.

Ошол эле учурда оңчулдар биринчи айлампада өздөрүнүн шайлоо ресурстарын толук пайдаланышты. Анын үстүнө экинчи айлампанын маалында мектептер жайкы каникулга тарайт, мындайда ата-энелердин көбү шаар четиндеги үйлөрүнө, чет өлкөлөргө эс алганы кетишет. Алар болсо либерал Коморовскийдин электоратына кирет. Деген менен бир катар байкоочулар Коморовский жеңет деп эсеп кылышууда.

2005-жылы маркум президент Лех Качинский да биринчи айлампада "Жарандык платформа" партиясынын өкүлү, азыркы премьер Доналд Туска утулуп калган, бирок экинчи айлампада аны жеңип алган. Ярослав Качинский өзүнүн түгөйлөш бир тууганын ошол тажрыйбасын кайталаганга үмүт кылат.

XS
SM
MD
LG