Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Полшада "Пэтриот" ракеталары орнотулат


Полшанын Морон шаарына жакын жерде АКШнын "Пэтриот" ракеталары орнотулат. Бул жердеги базаны америкалык аскерлер өздөрү башкарат.
Полшанын Морон шаарына жакын жерде АКШнын "Пэтриот" ракеталары орнотулат. Бул жердеги базаны америкалык аскерлер өздөрү башкарат.

Полша америкалыктардын "Пэтриот" ракеталарын орус чек арасына жакын жерге жайгаштырууну чечти. Варшаванын бул кадамы стратегиялык куралдар боюнча АКШ менен Россиянын ортосундагы келишимдин түзүлүшүн кечеңдетиши мүмкүн.

Айрым маалыматтарга караганда "Пэтриот" ракетасынын биринчи бөлүктөрү Полшада быйыл марттын этегинде пайда болушу мүмкүн. Муну тараптар АКШ аскерлеринин Полшадагы статусу тууралуу (SOFA) былтыр декабрдын башында кол коюлган келишимде макулдашкан. "Пэтриот" комплексин америкалык аскер кишилери кезектешип тескеп-тейлешет.

Баштапкы пландарда ракеталар Варшавага жакын базага жайгаштыруу каралган болчу. Бирок аскери адистер оңтойлуу деп Морон шаарчасын сунуш кылышты. Ракета базасы Калининград областынан 60 чакырымдай аралыкта болот.

"Бул чечимдин стратегиялык эч кандай себеп-жөнү жок, болгону Морондо биз америкалык солдаттар үчүн жакшы шарт түзүп бере алабыз",- деп түшүндүрдү Полшанын коргоо министри Богдан Клих.

Былтыр ноябрда өлкөнүн тышкы иштер министри Радослав Сикорский Вашингтондо орустардын капыл-тапыл агрессиясынан коргонуу үчүн Полшага аскерлерин жайгаштырууну атайын АКШдан суранган эле.

Америкалык ырасмий өкүлдөр Полшага сырттан эч кандай коркунуч жок экенин айтышып, ошол эле учурда НАТОлук союздаш катары бул өлкөгө өзүнүн коргонуу күчтөрүн жаңылоо жагынан жардам көрсөткөнгө убада беришкен.

Варшава "Пэтриот" ракеталары жайгаштырыла турган жайды өзгөртүп, орус чек арасына жуук жерге которууну чечкенин Москвада кандай кабыл алышканы белгисиз. Айрым эксперттер поляктардын бул кадамына жооп катары орустар Балтика флотун чыңдай турганын айтышкан эле. Бирок муну аскерий башкы мекеменин өкүлдөрү төгүнгө чыгарышты. "Балтика флоту планга ылайык кайра курулуп жатат, мунун полшалыктардын соңку чечимине эч кандай тиешеси жок",-деп билдиришти бейшемби күнү Россиянын коргоо министрлигинен.

Кээ бир байкоочулар Варшаванын соңку кадамы стратегиялык куралдар боюнча жаңы келишимге байланыштуу орустар менен америкалыктар ортосундагы сүйлөшүүлөрдү кыйындатышы мүмкүн деп божомолдошот.

Буга байланыштуу Вашингтондо мамлекеттик департаменттин өкүлү Филипп Кроули президенттер Обама менен Медведев жаңы келишимди макулдашуу ишин жакын аралыкта аяктоону чечишкенин, ошондуктан сүйлөшүүлөрдө кыйынчылык болбой турганына ишенич билдирди.

Москвага президент Обаманын улуттук коопсуздук кеңешчиси Жеймс Жонс менен куралдуу күчтөрдүн штаб башчылар комитетинин төрагасы адмирал Майкл Маллен бейшемби күнү келишти. Алар бул жерде эки күн сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.

XS
SM
MD
LG