Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Польша президентинин учагы кырсыкка учурады


Смоленск шаарынын жанында кыйраган учак, 10-апрель, 2010-жыл
Смоленск шаарынын жанында кыйраган учак, 10-апрель, 2010-жыл

Орусиянын расмий булактары билдиргенине караганда, Смоленск шаарынын жанында болгон авиакырсыктан аман калгандар жок.

Варшавадан келаткан учакта Польшанын президенти Лех Качински менен бир катар жогорку расмий адамдар бар болчу. Польшанын премьер-министри Доналд Туск кабинеттин чукул жыйынын өткөргөнү жатат.

Смоленсктин губернатору Сергей Ануфриев “Россия-24” телеканалына маалымдагандай, учак шаар аэропортуна коноордун алдында дарактарга илинип, кулап түшкөн. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 130дай кишини ташып бараткан ТУ-154 тумандан кыйраганын билдирди. Бирок Польшанын тышкы мекемеси борттогу бардык адамдар набыт болду деген маалыматты тастыктай элек.

Качински менен анын аялы, Куралдуу күчтөрдүн штаб жетекчиси, тышкы иштер министринин орун басары, Борбордук банктын төрагасы жана башка расмий адамдар бараткан. Алар Хатындагы эскерүү чараларына катышмак. 1940-жылы Хатында польшалык миңдеген согуш туткундары жана интеллигенция өкүлдөрү советтик армия тарабынан өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG