Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Папа Бенедикт XVI исламга терең ызат менен мамиле кылат


Бенедикт XVI Нью-Йорктогу визити маалында. 20-апрель 2008-жыл
Бенедикт XVI Нью-Йорктогу визити маалында. 20-апрель 2008-жыл

Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Бенедикт XVIнын сөзүнчө, дүйнө элдерин бөлүп жаруу динге сыйбаган иш, бул идеологиялык кутумчулук. Рим Папасы мындай билдирүүнү Иорданиянын борбору Аммандагы эң чоң мечитке барган учурда жасады.

Дүйнө католиктеринин башчысы, Папа Бенедикт XVI ишемби күнү Иорданиянын борбору Амандагы Падыша Хусейн атындагы мечитке бир топ тарса диниятчыларын баштап барып зыярат кылды. Ал шаардын эң чоң мечитине чогулган сыйлуу адамдар менен

"Дин билимсиздикке же бузуку көзкарашка, жек көрүүчүлүккө, зобун-зордукка жана кемсинтүүгө кызмат кылганда бурмаланат. " Папа Бенедикт XVI . Аман. 16-май 2009.

намазгөйлөр алдындагы сөзүндө бардык адамдарды Кудай жаратканын айтып, түрдүү диндерге таандык ибадатканаларды Жер бетиндеги “акак таштай” кымбат жай деп атады. Динди “идеологиялык манупляция үчүн же саясый максатта колдонуу”, Папанын айтышынча, коомду бөлүп-жарып, түрдүү зобунга алып барат.
Рим католик чиркөөсүнүн башчысы мурдараак Иорданиянын Мадаба шаарындагы католик университетинде болуп, дин адамдардын туура эмес жакка жетелөөгө бөгөт болот деген оюн ортого салган:

Папа Бенедикт XVI Шейх Шардынын колун кысууда. Дүйнө жаштарынын Сиднейдеги фестивалы.18-июль 2008

-Дин билимсиздикке же бузуку көзкарашка, жек көрүүчүлүккө, зобун-зордукка жана кемсинтүүгө кызмат кылганда бурмаланат. Бул диний бузукулук жана адам эркиндигин коррупциялоо, акылы тайыздык жана караңгылык. Биз билим берүүнү жайылтканыбызда эркиндикке болгон ишенимибизди билдиребиз.

Папа ишемби күнү Муса пайгамбар баскан жол менен Нево тоосуна барды. “Тооратта” жазылганга караганда, Муса пайгамбар көз жумардан алдың дал ушул тоодон Кудай таала ага байыркы Египеттен качкан жөөтөр эңсеген жерди көрсөткөн экен. Рим Папасы тарсалар менен иудейлердин Нево тоосуна зыярат кылуу салты - алардын жакындыгын күбөлөй турганын да эске салды.

Бенедикт XVI жума күнү Амманга келер замат Ислам динин “терең сыйлай” турганын астейдил эскерткен эле:

-Иорданиядагы сапарым менин мусулмандарга болгон терең урматымды, ошондой эле Иорданиянын улуу урматтуу падышасынын ислам баалуулуктарын дүйнө түшүнүүсү үчүн жасаган аракеттерине ыраазылыгымды билдирүүгө мүмкүндүк берет.

Католик динаятчысынын сапары Жакынкы Чыгышта жашаган тарса азчылыгына колдоо көрсөтүүгө катар анын мусулмандар менен иудейлер арасындагы кадыр баркын көтөрүүгө тийиш. Ал үч жыл мурда ислам зобун зордукка түртөт деп, Куранга шилтеме жасаганда кээ бир мусулман өлкөлөрүнүн башчылары Бенедикт XVIнын кечирим суроосун талап кылышкан болчу.

Бир нече ай илгери Ватикан Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттер тарабынын жөөттөрдү кырууну же Холокаусту танган католик диниятчысын чиркөөдөн четтеткен чечимди жокко чыгарып, жөөт лидерлерин нааразы кылган.

Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Бенедикт XVIнын Жакынкы Чыгыштагы сапары 15-майга чейин уланат.

XS
SM
MD
LG