Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Батыш басма сөзү Кыргызстандагы шайлоо тууралуу


Батыш ММксында Кыргызстандагы президенттик шайлоо тууралуу макалалардын дээрлик баарында шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнү белгиленди.

26-июлдагы санында Wall Street Journal гезити Европадан барган байкоочулар шайлоонун жүрүшүн сынга алганына карабастан, президент Курманбек Бакиевдин бийликке кайрадан келишине шарт түзгөн шайлоонун жыйынтыгында өзгөрүү болбогонун айтат.

Борбор Азия аймагында таасирин жайылтуу үчүн АКШ менен Орусиянын таймашын эске салган макалада бир учурда “демократиянын аралы” деп таанылган Кыргызстанда 2005-жылы бийликке келгенден бери Бакиев кудум Орусияда калыптанган системаны өздөштүрүп, өлкөнү автократиялык бир мамлекетке айландырганы бышыкталат.

Jane's Intelligence Weekly аттуу жумалыктын санында Бириккен оппозиция массалык мыйзам бузуулар үчүн бийликти айыптап, шайлоону мыйзамсыз деп жарыялаганы жана талапкерлерден Алмаз Атамбаев “шайлоо одоно бурмалоолор менен өттү” деп, президенттик шайлоодон баш тартканы белгиленет.

29-июлда оппозиция өлкө боюнча нааразылык акцияларын баштай турганы айтылган макалада бийлик бул митингдерди күч менен таратары күтүлөрү айтылат. Макалада “Бакиевдин бул шайлоодо жеңип чыгышы, учурдагы бийликке жана экономикалык кризиске нааразы эл оппозицияны колдоп чыгышы мүмкүн” деп белгиленет.

Швейцарияда чыккан Neue Zurcher Zeitungу гезити “учурдагы президент Курманбек Бакиев добуштардын 90 пайызын алганы айтылган бул шайлоо бурмаланган өңдөнөт” деп жазат. Гезит Кыргызстандын шайлоо системасындагы кемчиликтерди окурмандарынын назарына тартуулайт.

Президенттин колунда аны менен таймашкан оппозициялык талапкерлерге караганда алда канча көп мүмкүнчүлүгү болгону баса көрсөтүлгөн макалада, шайлоо советтик доордун классикалык үлгүсү болгону айтылат.

EURASIA VIEW интернет баракчасында жарыяланган макалада да Кыргызстандагы шайлоодо олуттуу мыйзам бузуулар болгону белгиленип, Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Швеция тараткан билдирүүдө “шайлоо ЕККУнун талаптарын одоно бузгандыгы үчүн кыргыз бийлигин сынга алганы” баяндалат.
XS
SM
MD
LG