Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Бишкек: Кымбатчылыкка каршы нааразылык акциялары башталды


Өкмөттүн тарифтерди жогорулатуу жана энергетикалык ишканаларды жеке менчикке сатуу саясатына каршы “220” кыймылы бүгүндөн тарта нааразылык иш-чараларын баштады. Аталган кыймыл кыргыз коомчулугуна кайрылуу жасап акция 14-март күнү Бишкекте сары тасмаларды байлап автожүрүшкө чыгуу менен улаанаарын билдиришти.

Нааразылык соттон башталды

“220” кыймылы өздөрүнүн нааразылык иш-чарасын бүгүн Бишкек шаардык райондор аралык сотуна барышып, адвокат Нурбек Токтакуновдун өкмөттүн энергетикага жана жылуулука бааларды көтөрүү боюнча чечимин жокко чыгаруу боюнча арызына тилектештик билдирүүдөн башташты. Бирок сот Токтакуновдун арызын кароону өкмөттүн өкүлү келбей калганына байланыштуу 17-мартка жылдырды. Бул көрүнүш сот залы менен толо отурган ондогон пенсионерлердин нааразылыгын жаратып, алар кыргыз бийлигин, айрыкча өкмөт башчы Данияр Үсөновдун наамына түрдүүчө наалаттарды айтышты.

-Премьер министр бир нерсе болсо эле бизди Казакстанга же башка өлкөлөргө салыштырчу болду. Ал жактагы элдин жашоо шарты менен биздин акыбалыбызды салыштырып көрбөйбү. Кыргызстандын 80 % эли жакыр жашашат. Элдин пикирин булар эске албай калды. Мен тарифтердин жогорулашына абдан каршымын, - деди “220” кыймылынын тарапкери, пенсионер Александр.

Аталган кыймыл 13-март күнү каршылык аракеттерин көчө-көйлөргө, бак-дарактарга, алтургай жол ката тизилген зым карагайларга сары тасмаларда байлоо менен улантышат. Ал эми 14-мартта жүздөгөн тургундардын катышуусунда автожүрүш, концерт сыяктуу иш-чараларды өткөрөөрүн билдиришүүдө. Электр кубатына жана жылуулука болгон баалардын төмөндөшүн каалаган ондогон пенсионерлер бүгүнтөн тартып эле кийимдерине сары тасмаларды тагып алышканын байкоого болот.

Атайын кызматтардын түрдүүчө коркутуп-үркүтүүлөрү болуп жатканына карабай социалдык укугубузду коргоп чыгуудан баш тартпайбыз дейт “220” кыймылынын координатору Гүлнара Журабаева:
"220" кыймылынын координатору Гүлнара Журабаева

-14-март күнү эрте менен сары тасмаларды байлап авто жүрүш жасайбыз. Ушул эле күнү элди Алма-Ата көчөсүндө өтчү “Электрошок” аталыштагы концертке чакырабыз. Жок дегенде адамдар ошол концертке келип кымбаттоолор боюнча өз пикирлерин айтышсын. Ошондой демонстрациялардан кийин гана президент элди угат деп ойлойм.

Студенттер сабакка эмес, митингге барышабы?

Тарифтерди төмөндөтүү талабын коюп жаткан “220” кыймылынын аракеттерин борбордогу “Студенттер коррупцияга каршы” деп аталган кыймылдын жаштары да колдоошорун билдирип чыгышты. Алар соңку учурдагы коммуналдык кызматтардын баасынын эселеп өсүшү капчыгы жука студент коомчулугун ого бетер түйшүкө салганын даттанышууда.

Жүздөгөн студенттер кыргыз өкмөтүнүн баа саясатына каршылык билдирип 17-март күнү сабактарга катышуудан баш тартып, оппозициянын Элдик курултайына барууга камынып жатабыз дейт кыймылдын жетекчиси Улан Орозбаев:
Улан Орозбаев


-Студенттер баалардын кымбаттаганына абдан нааразы. Алар азыр биринчи кезекте окуу эмес, иштеп акча табууга өтүштү. Көптөгөн студенттер Орусияга, Казакстанга мигрант болуп кетүүнү максат кылышууда. Анткени алардын ата-энелери каражат менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жетпей калды. Ошол себептүү мен айрым окуу жайлардын лидер студенттери менен сүйлөшсөм, алар 17-мартта сабактардан баш тартып, Элдик курултайга барабыз деп жатышат.

Орозбаев студенттерге окуу жай жетекчилиги же укук коргоо органдары тыюуу сала албастыгын, себеби алар оппозициянын курултайына барып өз ойлорун айтууга укугу бар экенин белгилешет.

Студенттер альянсы: Баалардын көтөрүлгөнү туура кадам

Тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы нааразылык иш-чаралары башталган эле күнү “Кыргызстан студенттер альянсы” деп аталган бирикменин жетекчилиги өкмөттүн баа саясатын колдоп, каршылык акциясынын уюштуруучуларын сындап чыкты.

-“220” кыймылынын тарифтердин көтөрүлүшүнөн улам студенттер чет-өлкөгө кетүүгө аргасыз деген билдирүүсү чындыка коошпойт. Жаштардын калың катмары тарифтердин жогорулашын түшүнүү менен кабыл алды”,-деген билдирүү таратты аталган альянстын төрагасы Данияр Жолдошев.

Деген менен өкмөт башчы Д. Үсөнов 2010-жылдын 1-январынан тартып электр энергиясынын баасын 2 эсеге, ысык суу менен жылуулуктун баасын 5 эсеге көтөрүү, ал эми 1-июлдан тартып электр энергиясынын 1 кВт саатын 1 сом 90 тыйынга, жылуулук менен ысык суунун 1 ГКаллын 10 эсеге кымбаттатуу тууралуу чыгарган токтомун эл туура эле кабыл алды деген оюнан кайта элек.
10-мартта Нарында беш миңге чукул адам митингге чыккан


Бирок өкмөттүн бул саясаты ансыз да кымбатчылык айынан кыйналып турган калктын нааразылыгын жараткандай болду. “220” кыймылынын жаңы эле башталган акциясынан сырткары, 10-март күнү Нарын шаарында миңдеген адамдар ызгаар суукка карабай тарифтерди төмөндөтүү талабы менен митингге чыгышты.

Айрым серепчилер, дал ушул тарифтерди эселеп көтөрүү кадамы жазгы саясий кырдаалдын күч алып, элдик толкундоолордун келип чыгышына негиз болушу мүмкүн экендигин белгилешүүдө. Бирок кымбаттоолорго карата оппозициянын дооматы, калктын нааразылык иш-чаралары тарифтерди арзандата албастыгын, болгону өкмөт башчы Данияр Үсөнов садага чабылышы мүмкүн деп болжогондор да жок эмес.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG