Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Уйгурлардын лидери Рабия Кадыр Прагага келүүдө


Уйгурлардын бүткүлдүйнөлүк конгрессинин төарайымы Рабия Кадыр, 2009-жыл
Уйгурлардын бүткүлдүйнөлүк конгрессинин төарайымы Рабия Кадыр, 2009-жыл

Прагада “Азиядагы тынчтык, демократия жана адам укуктары” деп аталган конференция өтүүдө. Катышуучулардын арасында Уйгурлардын бүткүлдүйнөлүк конгрессинин төрайымы Рабия Кадыр да бар.

Рабия Кадырдын Чех жумуриятына келип, тышкы иштер мекемесинин расмий өкүлдөрү менен жолугушуу планына байланыштуу Кытай өкмөтү каршылыгын билдирди.

Форум-2000 фонду тарабынан уюштурулган 2 күндүк жыйында Адам укуктарынын жалпы декларациясынын Азиядагы аткарылышы, улуттук азчылыктардын маданий, рухий мурастарын, анын ичинде тилин, үрп-адаттарын коргоо маселеси козголмокчу. Атайын талкуу билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана анын адам укуктары менен байланышына арналмакчы.

Кытайдын Прагадагы элчилиги Рабия Кадырдын сапары фактылардын бурмаланышына, жикчиликти колдоого салым кошушу мүмкүн деп эскертти. Элчиликтин маалымат катчысы Чен Цзиядун Mlada fronta Dnes басылмасына: “Чех бийликтери Кадырдын визити эки тараптуу мамилелерге терс таасир тийгизээрин түшүнүүгө тийиш”, - деп билдирди.

Конференцияга уйгурлардын лидеринен тышкары Тибеттин руханий көсөмү Далай Лама да келүүдө. Кытай режими аны “улуттун душманы” деп атап жүрөт. Тибетте былтыр жазында тополоң чыгып, ондогон адам өлгөн. Жакында болсо Шинжаң уйгур автономиялуу аймагында кытайлар менен уйгурулардын кагылышуусунан расмий маалыматка ылайык 200дөй киши набыт кеткен. Уйгурлардын өздөрү болсо 1 миңден ашуун улутташы каза тапканын ырасташууда.

Ушундай жагдайда козголоңчу 2 аймактын лидерлеринин Прагага келиши Бээжин өкмөтүн катуу тынчсыздандырууда.

Форум-2000 фондунун басма сөз катчысы Филип Шебек Кадырды чакыруу себеби тууралуу “уйгурлардын укуктарын коргоочу белгилүү активист катары ал маданий жана диний укуктар жөнүндө ойлору менен бөлүшө алат” деп айтты.

Бээжин өкмөтү Шинжаңда 5-июлда орун алган окуялардын артында дал ошол Кадыр турат деп күнөөлөгөн. Укук коргоочу болсо андай айыптарды четке кагып, кан төгүүгө Кытай бийлигинин улуттук азчылыктарды басмырлоо саясаты алып келди деген:

- Кытай өкмөтү тынч жана мыйзамдуу нааразылык чыгууларын тополоң деп сүрөттөөдө. Алар ошол окуялар үчүн мени айыптап жатышат. Бирок бул жерде менин эч кандай жоопкерчилигим жок. Ал Кытай өкмөтүнүн колунан келген иш. Өкмөт 60 жылдан бери уйгурларды гана эмес башка түрк улуттарын - өзбектерди, казактарды жана кыргыздарды басмырлап келатат. Алардын 10 миңдеген өкүлдөрүн түрмөгө тыгып жатат. Эми эл демократия эмне экенин билет, ошон үчүн көтөрүлдү.

Ал эми Кытай коммунисттик партиясынын Үрүмчү шаарынын ошол кездеги катчысы Ли Чжи полициянын аракеттерин мындайча актаган:

- Биз аялдар менен балдардын коопсуздугун коргоп жатабыз. Бирок тополоңго катышкандарга каршы катуу чара көрөбүз. Зомбулукка жана тартип бузууга баргандарга жазасын беребиз.

Айтмакчы, бир неч күн мурун Чжи кызматынан алынды.

Рабия Кадыр 1947-жылы Шинжаңдагы Алтай шаарында туулган. 1999-жылы камакка алынгычакта ал Кытайдагы ири ишкер аялдардын бири болчу, атүгүл, өлкөдөгү эң бай 10 адамдын тизмесине кирчү. 2000-жылы Хьюман Райтс Уоч эларалык уюму ага эң жогорку сыйлыгын ыйгарган. 2005-жылы АКШ Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Бээжинге бараардын алдында Кытай бийлиги укук коргоочуну саламаттыгына байланыштуу бошоткон. Бир нече күндөн кийин Кошмо Штаттарга учуп кеткен Кадыр азыр ошол жакта сүргүндө жашайт.

Прагадагы конферениця маалында режиссер Жефф Дэниелстин Рабия Кадыр жөнүндөгү документалдуу тасмасы көргөзүлмөкчү. “Сүйүүнүн 10 шарты” деп аталган фильм анын, мекенинин тагдырын баяндайт. Рабия Кадыр Нобель тынчтык сыйлыгына 2 ирет көргөзүлгөн.

XS
SM
MD
LG