Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Динаятчылар глобалдык жылуулукка каршы күрөшүүгө даяр


Экологдор ири өнөр жай ишканаларынын абаны булгаганын азайтуусун талап кылып келатат.
Экологдор ири өнөр жай ишканаларынын абаны булгаганын азайтуусун талап кылып келатат.

Ушул аптада дүйнөнүн ар тарабынан чогулган диний лидерлер Британияда жыйын куруп, жер жүзүндө аба ырайынын ысып баратышын токтотуунун жолдорун сунуш кылышты.

Ал тапта саясатчылар Копенгагенде 7-декабрда баштала турган глобалдык жылуулук боюнча дүйнөлүк жыйында кандай чечим кабыл алуу туурасында мунаса пикир таба элек.

Динаятчылардын жыйынын Лондондон анча алыс эмес жердеги Виндзор сарайында Британиялык Диндер жана баарлашуу альянсы уюштурду. Альянстын баш катчысы Мартин Палмер “Диний ишеним жана айлана-чөйрө айкалышы” урааны астында өткөн жыйын ийгиликтүү болгонун белгилейт.

- Бул жакка 60тан ашуун диний уюм өкүлдөрү чогулду, ага буга чейин айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кандайдыр иш алып барган уюмдар гана чакырылды. Арасында жер үлүштөрүн иштетип-сатуу саясатына, аларды өнүктүрүүгө аралашкан, мектептерде экологияны окутууга салымы бар, атүгүл алдыдагы 3 жыл бою мусулмандардын Мекедеги ажылык сапарын экологиялык таза акцияга айландырууну көздөгөн уюмдар бар. Жыйынга андан башка Улуттар уюму, дүйнөлүк банк өңдүү тараптар да кызыгып, мындан ары диний агымдардын эл аралык жыйынына өнөктөш болуу ниетин билдиришти.

Дүйнөнүн ар тарабынан келген 200дөй динаятчы – христиан, мусулман, бутпарас, иудаизм, бахаи, индуизм, сикх жана башка агым өкүлдөрү - канткенде айлана-чөйрөнү коргоо диний парздардын бирине айланып, ар бир адамдын көңүлүнө сиңет деген маселени талкуулашты. Уюштуруучу уюмдун жетекчиси Палмер Египеттин жогорку муфтийи Шейх Али Гома сунуш кылган мусулмандардын 7 жылдык планы катышуучулардын кызуу колдоосуна арзыганын айтат.

- Эң ириде мусулмандар үчүн кээ бир жаңы жоболор киргизет. Мисалы, кандай тамак жеп, кандайды жебеш керек дегенге келгенде, тамак-аштын баары табигый заттар болгону талап деп айтылат. Энергияны колдонууга келгенде, ал сөзсүз кайра толтурула тургандай булактан алынышы эп саналат. Андан сырткары мусулмандар үчүн ыйык саналган 5 шаар келээрки беш жыл ичинде жашыл шаарга айланмакчы, дагы уланта берсек болот, бул укмуштуудай план.
Мусулмандар дүйнө калкынын төрттөн бирине жакынын түзөөрүн эске алганда, бул план айлана-чөйрөнү коргоо ишине эбегейсиз таасир этчүдөй. Мындан башка Мусулмандардын климаттын өзгөрүүсүнө каршы аракеттер ассоциациясы атайын программа даярдап, ал жайында Стамбулда чогулган 50 динаятчы тарабынан жактырылган.

Динаятчылардын Виндзордогу жыйынына кайрылган Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун дүйнөлүк климат көйгөйү саясатчылардын эркине такалып калганын белгиледи.
“Биз көйгөйдү чечүүнүн жаңы жолдорун таптык, аны ишке ашырууга күч, каражат жетиштүү, бир гана саясий эрк жетишпей турган чак. Сиздер өз өлкөңөрдөгү саясий лидерлерди үгүттөп, акылыңарды айтып, аларды туура жолго түртө аласыңар”, - деп суранды Улуттар уюмунун баш катчысы.

Улуттар уюму эмки айда Копенгагенде өтө турган дүйнөлүк жыйында Киото протоколуна тете жаңы эл аралык келишимге жетишүүнү каалаган эле, бирок ага өнүккөн өлкөлөр тегиз даяр болбогондуктан, маселе кийинкиге калтырылганы айтылууда. Британияда өткөн жыйында жер жүзүндөгү киши жашоого ылайыктуу жер аянтынын 7-8%ын динаятчылар көзөмөлдөп, эл аралык финансы каражаттарынын 7%дайы аларга тийиштүү болгондуктан, адамзат алдында турган глобалдык жылуулук көйгөйүн чечүүгө алар да өз үлүшүн кошо алаары улам кайталанып жатты.



  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG