Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Оппозиция: Дума парламент эмес


Россия -- Думанын спикери Борис Грызлов: "Парламент - талашып-тартыша турган жай эмес!"
Россия -- Думанын спикери Борис Грызлов: "Парламент - талашып-тартыша турган жай эмес!"

Россиянын Мамлекеттик Думасы бир кезде жаңжал-талашка, жандуу талкууга толуп, аарынын уюгундай күжүлдөп турар эле. Азыркы кезде ал толугу менен Кремлдин көзөмөлүнө алынып, парламентке мүнөздүү айрымачылыктарынан айрылды.

Ашынган улутчулдар партиясынын лидери Владимир Жириновский бир кезде түз эле Думанын жыйыны жүрүп жаткан залда өзүнүн оппонентин бетке муштап, жулмалашып жатып калганын орус коомунда турсун жалпы постсоветтик аймакта деле жакшы билишет. Талкууга түшкөн мыйзам долбоорлорун көп учурда депутаттар жаат-жаат болуп жакалашкан маанайда колго салганга туура келген.

Бирөө баары үчүн
Мындай көрүнүш, арийне, шүйшүнтө турган шүйкүм эмес. Бирок парламенттеги азыркы жагдай андан бетер алакан чаптыра албайт. Былтыр майда айдоочуларга ичимдик ичкенге таптакыр тыюу салган мыйзам долбоору Думада колго салынып, документти 450 депутаттын 449у колдоп добуш берди деп айтылган. Иш жүзүндө залда болгону 88 депутат отурган. "Бирдиктүү Россия" партиясынын өкүлү бопбош залды кыдырып, ордунда жок депутаттар үчүн басмактарды басып, добуш берип жүргөнүн орус телеканалдары текши көрсөттү.

Ошондон соң ар бир депутатты өзү добуш бергенге милдеттендирген эреже кабыл алынды. Бирок депутаттардын көбү мындан деле эчтеме өзгөрбөйт, анткени Думаны толугу менен Кремл өз көзөмөлүнө өткөрүп алган дешет.

Спикер Борис Грызлов кайсы бир долбоорго каяша пикирин айткысы келген депутаттардын бирин жекирип: "Парламент сизге талаш-тартыш уюштура турган жер эмес",- деп катуу кагып салганын азыр аския кылып айтып жүрүшөт.

Коммунисттердин өкүлү, депутат Виктор Илюхин Дума эбак эле бийликтин көз карандысыз бутагы болбой калган деп эсептейт. "Эгер мыйзам чыгаруу саясаты тууралуу айта турган болсок, бул саясатты Дума өзү аныктабайт, аны өкмөт менен Кремл аныктайт. Кайсы мыйзам долбоорун кабыл алуу керектиги да ошол жакта чечилет", -дейт Илюхин.

Реалдуу талкуу-талаштардын, алардын аркасында татаал маселелерде туура чечимдерди тапкан мезгил өтүп кеткенин эске салып, Илюхин мунун себебин Думаны премьер Путиндин партиясы өз энчисине басып алганы менен түшүндүрдү. "Бирдиктүү Россия" ушу кезде парламенттеги 315 мандатты контролдойт.

"Бюджет маселеси талкууга алынарда биздин фракцияга, маселен, өкмөт чиновниктери, атүгүл финансы министри өзү келет. Болгону кандай чечим кабыл алышканын бизге кабарлаш үчүн гана келишет", -дейт Илюхин.

Буйлаланган бийлик
Кремл сынчылары болсо Думадагы жападан-жалгыз оппозиция атанган коммунисттер деле өкмөткө реалдуу тил кайрыганга жарабай жатканын, жалпы агымга кошулуп кеткенин айтышат. Ошол эле учурда либералчыл "Яблоко" партиясынын лидери Сергей Митрохин Думаны бийлик партиясы баса көктөп, буйлалап алганы айныгыс чындык экенин тастыктайт.

"Бирдиктүү Россия" – бюрократтар менен олигархтардын партиясы, ал өкмөт менен президентке гана кызмат кылат. Парламент аткаруу бийлигин контролдобойт, бирок чиновниктер менен ири бизнестин таламдарын көздөгөн мыйзамдарды кабыл алат. Бул жалпы орус жарандарынын кызыкчылыктарына төп келбейт",-дейт Митрохин.

"Бирдиктүү Россия" буга башкача карайт. Өлкөдөгү эң ири жашылча-жемиш компаниясын жетектеген бизнесмен, депутат Виктор Семенов Кремл Думадагы башкы партияга баш-көз болуп турганынан эч кандай деле эрөөн-төрөөн иш көрбөйт, тескерисинче, дүйнөдө бийликтин бардык чөйрөлөрүн "жогортон" контролдоп турушат деп эсептейт. "Оппозиция өзү каалагандай болбогондун баарына эле наалый бергендин көрө эл менен активдүү иштесин. Диванда жатып алып бийликти жамандай бербей, күрөшүшү керек",-дейт ал.

Парламент түспөлдүү орган
Саясий эксперттер Думаны тек гана парламенттин түспөлүндөй санашат. Аналитикалык "Панорама" борборунун өкүлү Владимир Прибыловский Думаны иш жүзүндө президент администрация башчысынын биринчи орунбасары, өлкөнүн башкы идеологу аталган Владислав Сурков башкарарынан шек санабайт. "Дума парламент эмес, ал тургай ой жарыштыра турган форум да эмес. Анын бир гана милдети бар: Батышка Россиянын парламенти бар экенин көрсөтүү үчүн керек",-деп эсептейт эксперт.

"Эгер Думага шайлансаңыз, же ачыгын айтканда, дайындалсаңыз, анда сиздин бизнеске өрт инспектору келбейт, пара өндүрбөйт. А кокус комитеттин төрагасы болсоңуз, анда салык инспекторунан да кутулган болосуз",-дейт Прибыловский.

Мына ушундай шартта "Яблоконун" лидери Митрохин оппозициядагы партиялар үчүн бир гана жолду көрөт. Алар советтик мезгилдеги диссиденттерге окшогон теңтайлаш бир саясий системага биригиши керек. "Диссиденттердин эч кандай бийлиги, жадесе мыйзамдуу статусу да болгон эмес. Буга карабастан алар коомдо маанилүү рол ойношкон", -дейт Митрохин.

XS
SM
MD
LG