Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:12

Путиндин биринчи отчету


Россия -- Премьер-министр Владимир Путин Мамлекеттик думада өкмөттүн иши жөнүндө өтчет берди.6-апрель 2009-жыл.
Россия -- Премьер-министр Владимир Путин Мамлекеттик думада өкмөттүн иши жөнүндө өтчет берди.6-апрель 2009-жыл.

Россиянын премьер-министри Владимир Путин өкмөттүн иши жөнүндө Мамлекеттик думада биринчи ирет отчет берди. Депутаттарды ал кабинет иштеп чыккан антикризистик программа жана быйылкы жылдын кайра каралган бюджети менен тааныштырып, бир катар суроолорго жооп берди.

Путин орус экономикасындагы кырдаал дүйнөлүк тенденциялардан айрымаланбай турганын моюнга алды. Россия бул кризистен кыйгап өтө алмак деген ойлорду орус премьери "куру кыялга" теңештирди.

"Проблема бизден жана биздин күнөөбүздөн чыккан жок, бул айкын иш, муну эч ким талаша албайт,- деп айтты Путин. – Бирок ал каркап баарын, анын ичинде Россияны да каптады".

Бир нече күн мурда Мамлекеттик думага бюджеттин жаңы долбоору жөнөтүлгөнүн, кризиске каршы күрөштүн программасы жарыяланганын эске салып, Путин алардын башкы максат-маңызы деп "антикризистик чаралар менен узак мөөнөттүү долбоорлордун кылдат айкалыштырылышын, кризис маалында тек гана коргонбостон, жапырык да жасай билүүнү, жаңы, кыйла өнүмдүү экономика түзүүнү камсыз кылууну" атады.

"Быйылкы жыл бизге өтө кыйын болот",-деп эскертти Путин. Ошол эле учурда өлкө кризистен чыгарына ишендирди. Өкмөттүн бул жагынан жасаган кадамдары акыбетин бере баштады.

"Кырдаалдын эң жаман оролго түшүп кетүү коркунучу четтетилди, колдон келишинче кризистин мизи мертилди. Экономика "жаны бышыктыгын" эле эмес, эң кыйын шарттарда да өнүгө аларын көрсөттү",-деп айтты орус премьери.

Россияда банк тармагы толугу менен ойрон болуп калышы мүмкүн эле, мунун коркунучу өтө реалдуу болчу. Эми бу коркунуч да жоюлду. Бирок Путин банк системасы проблемалуу кредит институттарынан тазаланышы керектигин көрсөттү.

Премьер ошондой эле азыркы кризиске карабастан өкмөт узак мөөнөткө белгиленген социалдык долбоорлордон баш тартпай турганын бышыктады.

Экономикалык проблемаларга каршы күрөшкө 3 триллион рубл, анын ичинде федералдык бюджеттен 1,4 триллион рубл сарптаганы жатат. Бюджеттин тартыштыгы быйыл 3 триллион рублди же ички дүң продукциянын 8 процентин түзмөкчү. Путин бул көрсөткүчтү 2011-жылы 3 процентке, инфляцияны азыркы 13 проценттен 8 процентке түшүрүү зарыл деп эсептейт.

Премьердин отчету баарын эле ынанта алган жок. Коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов азыркы өкмөт өлкөнү кризистен алып чыгарына көзү жетпей турганын айтып, айрым кишилерди, алардын ичинде финансы министри Алексей Кудринди кызматтан алууну жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү сунуш кылды.

Думадагы төрт фракциянын ар бири премьерге үчтөн гана суроо беришти. Өкмөттү депутаттар алдында отчет берүүгө милдеттендирген норма президент Медведевдин демилгеси менен быйыл январда конституцияга киргизилген эле.

Путин бул практиканы Россияда демократиянын чыңдалып баратканы катары баалады.

XS
SM
MD
LG