Кыргызстанда өткөн референдумду Улуттар Уюму, Евросоюз, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму кубатташты.
Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун "жаңы конституциянын кабыл алынышын мыйзам улуктугун бекемдөө жана легитимдүү шайланган өкмөт түзүү жолундагы маанилүү кадам" катары баалады. "Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанга жана анын элине парламенттик шайлоого даярдык көрүү ишинде да жардам көрсөтүүнү улантат", -деп айтты баш катчы.
"Кыргызстанда референдум тынч өткөнүн биз кубаттайбыз, бул конституциялык тартипти калыбына келтирүү жолундагы жана өлкөдө демократиялык процессти өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп калды", -деп билдирди Евросоюздун эл аралык иштер боюнча катчысы Кэтрин Эштондун өкүлү Мая Кочиянчич.
Ушул апаздардын аңытында орус президентинин сөздөрү керагар кеп болуп жаңырганын белгилеп, Christian Science Monitor быйыл апрелде элдик козголоң деген атка жаманган кандуу төңкөрүш аркасында бийликке келген убактылуу өкмөттү Москва дароо колдогонун эске салат. Басылманын айтымында, июндагы улут аралык кандуу араздан кийинки кыйын жагдайга карабай Кыргызстан кантсе да референдум өткөргөнгө жетишкен соң орус жетекчилери эмнегедир капыстан эле өзүнүн стратегиялык союздашына нааразы болуп калышты.
Медведев "өлкөнү тартипке салганга бийликтин чамасы келбей, легитимдүүлүгү төмөн болуп турганда парламенттик республика модели Кыргызстанда кантип иштерин" элестете албай турганын айтып, мунун арты бийликке экстремисттик дымагы бар күчтөрдүн келишине шар түзөрүн, атүгүл өлкөнүн бөлүнүп кетишине алып келерин эскертти.
Көпчүлүк эксперттер да Кыргызстанда саясий системанын өзгөрүшү менен проблемалар өзүнөн өзү чечилип кетпей турганын, өлкөнү алдыда оор жана татаал сыноолор күтүп жатканын ырасташат. Басылма жазгандай, "Медведевдин билдирүүсү эч кандай пайда бербейт, бирок ал орустардын парламентке итиркейи келип караган көнүмүш салтын көрсөтөт".
Басылма андан ары: "Россияда парламенттик республика идеясынын өзүнө ишенбеген көз караш бар, Медведев болгону оюнда эмне болсо, ошону гана айтты",- деп айткан москвалык эксперт Леонид Гусевдин сөзүн келтирет. Буга кошо Christian Science Monitor парламентке тек гана декоративдүү озуйпа бөлүп берген азыркы орус конституциясынын автору Елцин болгонун, бул башкы мыйзамды ал жалпы эл шайлап, бирок ага баш ийбеген парламентти 1993-жылы танк менен атып таркаткан соң кабыл алынганын эске салат.
Бул темага Чехияда чыгуучу Lidovky гезити да кайрылып, орустар өздөрүнүн таасир мейкиндигине бийлик батышчыл лидерлерге тийип калбасын деп өзгөчө көз салып турушат деп жазат. Отунбаеваны басылма советтик мезгилден калган "саясий себи" менен экс-совет аймагында президент болгон биринчи аял деп атаган.
"Эгер бул бул чечкиндүү аял алдыдагы бир жарым жыл ичинде өлкөдө жарандык согушка жол бербесе, анда Бишкектин башкы аянтында ага эстелик тургузуу керек болот. Бирок бул,сыйкы, оңой милдет болбойт окшойт", - деп эскертет чех гезити. Анткени экс-советтик бардык республикалардай эле Кыргызстан "балалык оорудан" таптакыр арыла албай койду. Бул жолу өлкө өтө опуртал кырдын башында кылкылдап турат. "Анын үстүнө,- деп жазат газета,- Кавказдын түштүгүндөй же Крымдай эле Борбор Азияда да тополоң чыгып турганы Москва үчүн өтө керек өңдөнөт".
Кыргызстанды орус президенти эмне үчүн сындады?

Торонтодо өткөн "чоң жыйырманын" жыйыны маалында Россиянын президенти Дмитрий Медведев Кыргызстандагы референдумдун жыйынтыктарын сынга алып, Борбор Азиядагы чакан бул өлкө "бөлүнүп" кетүү коркунучуна туш болгонун жана "бийликке экстремистчил күчтөр келиши ыктымал" экенин эскерткен эле. Дүйнөлүк бир катар басылмалар орус президентинин ушул сөздөрүнө өздөрүнүн макалаларын арнашты.