Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Тимошенко оппозицияны митингге чакырды


Украина -- Оппозициянын лидери Юлия Тимошенко орустардын Кара деңиз флотуна байланыштуу жаңы келишим "Украинанын тарыхына кара барак" болуп кирерин айтып, өз тарапкерлерин 11-майда митингге чакырды.
Украина -- Оппозициянын лидери Юлия Тимошенко орустардын Кара деңиз флотуна байланыштуу жаңы келишим "Украинанын тарыхына кара барак" болуп кирерин айтып, өз тарапкерлерин 11-майда митингге чакырды.

Украинанын Жогорку радасында жана Россиянын Мамлекеттик думасында орустардын Севастополдогу Кара деңиз флотуна байланыштуу жаңы келишим бекитилди. Думада документ шыдыр өттү, Радада чатак чыкты.

Эски келишимде каралган шарт боюнча Россиянын Кара деңиз флоту 2017-жылга чейин Севастополдо калат. 21-апрелде Харковдо эки өлкөнүн президенттери кол койгон жаңы документте бул мөөнөт андан ары дагы 25 жылга узартылды. Мунун эсесине Москва Киевге бериле турган газдын баасын 30 процентке арзандатат.

Ратификация башталар алдында орус парламентиндеги төрт фракция тең келишимди колдой турганын ырастаган эле. Айткандай эле документти жактап, 410 депутат добуш берди. Украинада болсо документ Рададагы эки жаатты – парламенттик коалиция менен оппозициядагы фракцияларды тартыштырды.

Сессиянын жүрүшүндө парламенттин кеңешмелер залына ким бирөө түтөмө бомба ыргытты, депутаттардын жоон тобу залдан чыгып кетти. Экс-президент Виктор Ющенко менен экс-премьер Юлия Тимошенко баштаган оппозициянын мүчөлөрү ызы-чуу салып, аламандап турушту. Айрымдары спикер Владимир Литвинди жумуртка менен атып урду, бирок ал жыйынды токтоткон жок. Акырында келишим 236 добуш менен бекитилди.

Жогорку рада менен министрлер кабинети жайгашкан имарат алдында эки жааттын тарапкерлери да аламан жыйындарга чыгышты. Оппозиция тараптагылар келишимди сындашты, аны Украинанын улуттук таламдарына жана конституцияга каршы келген документ деп аташты. Тимошенко "бул күн өлкөнүн тарыхында кара барак болуп каларын" айтып, келишимди жокко чыгарууну талап кылганы өз тарапкерлерин 11-майда Жогорку раданын алдына митингге чакырды.

Өкмөттү жактагандар мунун тетирисинче келишимди колдошту. Президент Виктор Янукович "кырдаалды курчуткусу келгендер катыгын аларын" эскертти. "Жагдай жайына келиши, экономиканын жана элдин жашоо деңгээли өсүшү үчүн биз колдон келгендин баарын жасайбыз. Бу жолдо ким бизге жолтоо болгусу келсе, алардын эсебинин табабыз",-деп айтты ал.

Мындан бир күн мурда Киевге келген орус өкмөт башчысы Владимир Путин экс-премьер Тимошенконун позициясына таң калганын билдирди. "Юлия Владимировна менен Севастополдогу флоттун мөөнөтүн узартуу маселесин талкуулаган элек. Эч ким каршы болгон эмес. Кеп болгону маселенин наркы жөнүндө гана болгон",- деп билдирди Путин журналисттерге.

XS
SM
MD
LG