Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Медведев: Кыргызстанга күчтүү бийлик керек


Орус жана өзбек президенттеринин Москвадагы сүйлөшүүлөрүндө Кыргызстандагы кырдаал башкы темалардын бири болду.
Орус жана өзбек президенттеринин Москвадагы сүйлөшүүлөрүндө Кыргызстандагы кырдаал башкы темалардын бири болду.

Москвада орус жана өзбек президенттеринин сүйлөшүүлөрү аяктады. Эки тараптуу мамилелерден тышкары алар Кыргызстандагы кырдаалды да сөз кылышты жана бул өлкөгө күчтүү бийлик керектигин белгилешти.

Кремлде өткөн сүйлөшүүлөрдө орус жана өзбек лидерлери эки өлкөнүн өз ара соода-экономикалык кызматташтыгын жана Борбор Азиядагы коопсуздук маселесин талкуулашты. Ушул аңытта Дмитрий Медведев Кыргызстандагы кырдаалга кайрылып, Россия да, Өзбекстан да бул өлкөдө күчтүү бийлик орношуна, кыргыз элинин гүлдөп-өнүгүшүнө, алардын заманбап мамлекети болушуна кызыкдар экенин белгиледи.

Медведев баарыдан мурда ушу тушта "ички стабилдүүлүккө жетишүү, мамлекетти калыбына келтирүү зарыл" деп билдирди. "Мамлекет деген азыр Кыргызстанда жок. Ал эми аламанчылык кыргыз элинин кызыкчылыгына да, коңшулардын таламдарына да өтө катуу сокку урат",- деп айтты орус президенти.

Ислам Каримов Кыргызстанда болуп жаткан окуялардын олуттуу коркунучун алардын туруктуу мүнөзгө айланып кетишинен көрдү. Өзбек лидери "2005-жылы өтө жугуштуу илдеттин өнөгөсү түзүлгөнүн - мыйзамдуу шайланган ар кандай жетекчиликти, өкмөттү алмаштыра берсе болот деген иллюзия жаралганын" белгиледи.

Бишкектеги саясий режимдин өзгөргөнүн Москва ысык-суугу жоктой кабыл алды, бирок Кыргызстанды баштагыдай эле өзүнүн стратегиялык өнөгү катары эсептей турганын жана жаңы бийликтерге жардам көрсөткөнгө даяр экенин бышыктаган. Ташкен болсо соңку окуяларды Кыргызстандын ички иши деп атаган. Бирок байкоочулар Бишкектеги убактылуу өкмөттүн "демократиялык риторикаларын" Ташкендин кабыл алары күмөн дешет.

Эки президент талкуулаган проблемалардын арасынан москвалык эксперт Артем Улунян энергетика, суу маселелери абдан маанилүү экенин жооко чыгарбады, бирок азыркы кезде бардык көңүл Кыргызстанга жана анын жаңы жетекчилиги кандай саясат жүргүзөрүнө, анын ичинде аскери-техникалык кызматташтыкта АКШ, Россия менен кандай алака түзөрүнө, америкалыктардын "Манастагы" базасына байланыштуу кандай кадамдарды жасарына кадалып турганын бөлүп көрсөттү.

"Акыркы жагдай Россияны камтама кылып келгени жашыруун эмес, -дейт ал. - Бул Өзбекстанга да тиешелүү: кеп Ташкен евроатлантикалык жамаат менен тыгыз кызматташканга кайрадан макул болобу же жокпу, мына ушунда".

Айрым эксперттер буга кошумчалап Кыргызстандагы окуялар Ташкенди Коллективдүү коопсуздук келишим уюмундагы позициясын өзгөрткөнгө аргасыз кылышы ыктымал деп жосмолдошот. Бул уюмдан Өзбекстан биротоло чыгып кете элек, бирок анын иштерине активдүү катышкандан да качып жүрөт. Ташкенге айрыкча уюмдун ыкчам аракеттеги орток күчтөрүн түзүү идеясы жакпай калган.

Россиялык дагы бир эксперт Аждар Куртов өзбек президентинин сапарын улуттук экономикадагы жагдайга да байланыштырат.

"Макроэкономикалык көрсөткүчтөр жайында тургандай көрүнөт, бирок Өзбекстанда соңку кездери накталай акчанын тартыштыгы, ички кризистин жышаандары сезиле баштады. Сыягы, Ташкен Москванын финансылык жардамына муктаж болуп жаткан сыяктанат".

Өзбекстан экономикада бекем протекционисттик саясат жүргүзүп жатканы белгилүү. Чет элдик инвесторлордун, анын ичинде россиялык компаниялардын ишине бир топ эле каскактар коюлган.

Кремлдеги сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын ушул жана башка өңүттөрү да сөз болгону калетсиз.

XS
SM
MD
LG