Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Ооганстан: баңги заттардын артында жаткан саясат


6-июнда Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Сергей Иванов Сингапурда өткөн эл аралык конференцияда сүйлөп, Ооганстандын баңги заттарды өндүрүүсүн глобалдык коркунуч деп эсептөө керек деген сунуш менен башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө кайрылды.

Ооганстандын апийимди өндүрүп, аны башка өлкөлөргө ташуусун тынчтык жана коопсуздук үчүн коркунуч катары бааланышы керектигин эскертти. Сергей Ивановдун айтымында, Ооганстанда жайгашкан Батыш өлкөлөрүнүн аскерлери апийимге каршы күрөшкө катуу кириши керек.

Байкоочулардын баамында, Ооганстанда согуш жана ага кошумча жакырчылык баңги заттарды сатып жан багуу үчүн жакшы шарт түздү. Апийимди өндүрүшкө айланткан ал өлкө эми нашаа да өндүрүп сыртка чыгарууда. Орусияда сатылып аткан нашаанын 90 пайызы Ооганстандан келери айтылып жүрөт.

Орус бийлиги НАТОну Ооганстанда баңги өндүрүшү менен күрөшкө чакырып келет. Бирок Түндүк Атлантика альянсы аны менен күрөшүүгө ашыкпайт. Биринчиден, ал жактагы ынтымакташтардын күчү жетпейт. Экинчиден, алар келтирген жүйө боюнча, жергиликтүү дыйкан үчүн апийим акча табуунун бирден бир жолу, аны жок кылганда алар ачка калып, талиптерге кошулуп кетиши мүмкүн.

6-июнда Сингапурда ачылган эл аралык жыйында Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Сергей Иванов сүйлөп, НАТО аскерлери апийим айдоочу жерлерди кетмендеп салуу керектигин айтты. Анын белгилешинче, Ооганстанда 1979-1989-жылдары советтик армия турганда баңги зат мынчалык өндүрүлгөн эмес.

Он жылга созулган согушта Советтер Союзу 14 миң аскерин ооган жеринде жоготкон.

Жакында мамлекеттик сыналгыдан даректүү тасма көрсөтүлүп, анда ФСКНнын жетекчиси Виктор Иванов Ооганстандан келген нашаага көнгөндөр көп болгонун, Орусияда күн сайын 82 адам мындан набыт болоорун айткан.

Мамлекеттик думанын мурдагы депутаты Евгений Ройзмандын айтымында, Орусияда баңги заттарга көз каранды болгондордун саны 6 миллионго жетет.

- Ал заттар эмдигиче Орусия менен виза албай келип-кетип аткан Тажикстан жана Кыргызстандын кыйырындагы ооган жеринен жашыруун өтүп, андан Орусияга жетет.

Орусиялык талдоочулардын баамында, НАТО апийим айдоону көрмөксөнгө салуу менен бир жагынан жергиликтүү аткаминерлердин көңүлүн уулап, экинчи жагынан дыйкандарды өзүнө жакындатуу амалын жасоодо.

XS
SM
MD
LG