Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Орусия Беларуска жөнөткөн газдын көлөмүн азайтты


Орусиянын мамлекеттик "Газпром" компаниясы Беларуска берген газдын көлөмүн 15 пайызга азайтты. Компаниянын башчысы Алексей Миллердин айтымында, Минск карызынан кутулбаса, газдын агымы 85 процентке чейин төмөндөйт. Орустар Беларус газ үчүн 192 миллион доллар бересе деп ырасташууда. Беларус бийлиги муну четке кагууда.

21-июнда Орусиянын президенти Дмитрий Медведев “Газпром” компаниясынын жетекчисин кабыл алып, Беларус жери менен өтчү көгүлтүр оттун көлөмүн кыскартуу үчүн көрсөтмө берди. “Белтрансгаз” концерни өзү алып жакчу отуну үчүн 192 миллион доллар бересе экени чын.

Ошол эле учурда расмий Минсктин “Москва газ баасын бир жактуу кымбаттатты, бул 2009-жылы январдан тарта жаңы баа менен сатылган айырма” деп айтканында да жүйөө бар дешет адистер. Ага дейре ар миң кубметр көгүлтүр отун үчүн Беларус 150 доллар төлөсө үстүдөгү жылдын жакасынан тарта 169 доллардан төлөп калган. Арасында айырма бересе акчаны пайда кылган.

18-июнда Беларус президенти Александр Лукашенко “Москвага карызыбыз жок, Беларус жери менен өткөн газ үчүн, тескерисинче, Орусия бизге 200 миллион доллар карыз” деп белгиледи. Ушундай кайым айтышуудан улам “Независимая газета” басылмасы тараптар ортосунда карыз жок, бул жерде болгону Кремл кыйкым издеп жаткандай деп жазып чыкты.

Бирок 19-июнда Беларус тарап карызы болгонун мойнуна алып, аны унаа, жабдуулар жана башка товарлар менен төлөөгө даяр экендигин айтып чыкты.

Жакында Беларустан чыккан сүттөн өндүрүлгөн продуктуларга Орусиянын башкы санитары Г.Онищенконун оозу менен расмий Москва тыюу салынган. Ошондон улам 21-июнда Дмитрий Медведев мындай демилгени четке какты:

- Аласаны “Газпром” доллардан башка көмөч, сары май, быштак же дагы бир башка тамак-аш менен албайт.

Расмий Минск эгерде газдын көлөмү кыскарса Батышта аны колдонуп аткандарга кыйын болот деп эскертти. Ага Кремл “Батыштагы кардарлардын муктаждыгын Беларус жерин айланып өтчү куурубуз менен камсыз кылабыз” деп жооп берди. Андай куур Украин жеринде экени жана президент Виктор Януковичке ишеним артык экенинен болуп жатканын байкоочулар белгилешет.

Ал аралыкта Александр Лукашенко орусиялык кесиптештерине таарынычы бар экенин билдирди:

- Украина үчүн көгүлтүр отун баасы 30 пайызга арзандады. Эмне себептен бизге сатылган газ наркы 30 пайызга көтөрүлдү?

КМШ өлкөлөр Институтунун жетекчилеринин бири Владимир Жарихиндин баамында, Минск эч жакка кача албайт, бул аракеттери көнүмүш адат. “Бирок бул кайым айтыштын артында Орусиянын кошуналары менен болгон мамилесинин чийки жерлери көп экени билинди” дейт, Жарихин:

- Бизде жеке эле газ же муунай эмес, Кыргызстан боюнча да чечилбеген маселелер бар. Ал эми Орусия жана Беларус алакасы делип келаткан жакалашуу, чындыгында, Лукашенко менен Орусия ортосундагы чатак.

XS
SM
MD
LG