Виктор Черномырдин 1989-жылы “Газпром” компаниясынын жетекчиси болот. Бийликке Борис Ельцин келгенде (1992-жылдын декабрь айында) Черномырдин Орусиянын Министрлер кеңешинин төрагасы болуп дайындалат. Өкмөт башчылык орунда ал 1998-жылдын март айына чейин турат.
Ошол эле жылы август-сентябрь айларында өкмөт кризиске учурап, башка кыйынчылык түшкөндө, Черномырдин кайра өкмөт башчы милдетин аткарат. Арадан бир жыл өтпөй “Газпром” концернге башчы болуп кетет. 1999-жылдын апрель айында Югославияга каршы НАТО согуштук операция жасаганда Балкан аралында кагылышты жөнгө салуу боюнча Орусия президентинин атайын өкүлү болуп дайындалат. 2000-жылдын сентябрынан тарта В.Черномырдин орус-америкалык ишкердик кызматташуу боюнча кеңештин тең тайлаш төрагасы болот.
Виктор Черномырдин кийинки жылдары экономикалык кызматташуу боюнча КМШ өлкөлөрүндө Орусия президентинин атайын өкүлү эле.
Саясатчы Владимир Рыжков маркумду мындайча эскерет:
- Биз экинчи көрүнүктүү өкмөт башчыбыздан айрылдык. Реформатор эле. Биринчиси, Егор Гайдар болчу.
Убагында Виктор Черномырдин Борис Ельциндин мураскору деп да аталып келген. Бирок президент ордун Владимир Путинге калтырган.
1996-жылы Борис Ельциндин жүрөгүнө операция жасалып атканда В.Черномырдин 23 саат бою президенттин милдетин аткарган.
Бийликке В.Путин келгенден тартып В.Черномырдин чоң саясаттан четтетилген. Ал 2001-жылдан 2009-жылга дейре Орусиянын Украинадагы элчиси болуп турган.
“Роснано” башчысы Анатолий Чубайс өлкөнүн өнүгүшүнө Черномырдин зор салым кошконун айтат:
- Ал күчтүү премьер эле. Эл сүймөнчүгү эле. Кайра да айтайын, ал болбогондо биздин эл таптакыр башка турмушта жашамак.