Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Орусия-Кытай: кызматташтыктын жаңы тепкичи


27-сентябрда Орусия менен Кытай эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты арттырууга багытталган келишимдерге кол койду. Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Кытайга үч күндүк иш сапары менен барган. Д.Медведев менен президент Ху Цзинтао орус газын Кытайга жөнөтүү боюнча келишимге кол коюшту.

Бээжиндеги жолугушууда Дмитрий Медведев менен Ху Цзинтао көмүр, жаратылыш газы, атомдук энергетика жана толукталып турчу энергия боюнча кызматташтыкка кол коюшту. Ага чейин эки өлкөнүн башчылары “Чыгыш Сибирь – Тынч Океан” мунай куурунун курулуш иштерин аяктоо аземине катышты. Ал куур аркылуу 2011-жылдын январынан тарта орус-кытай чек арасы аркылуу күнүнө 300 миң баррел мунай өткөрүлөт.

Азырынча Орусия Европага саткан мунай, газдан түшкөн кирешеге дээрлик толугу менен көз каранды. Орусия - дүйнөдөгү эң ири энергия өндүрүүчү өлкө, ал эми Кытай - энергияны эң көп колдонгон мамлекет. Экөө тең энергияны импорттоо жана экспорттоо жолдорун көбөйтүүгө, бөлүштүрүүгө аракет кылышууда.

Орусия 2015-жылдан тарта Кытайга жылына 30 млрд. куб метр жаратылыш газын сатууну каалайт.

Дүйшөмбүдө журналисттердин суроолоруна жооп берген Дмитрий Медведев геосаясаттын туруксуз шарттарын эске алуу менен, эл аралык проблемалар, стратегиялык кызматташтык маселелери талкууланганын билдирди.

”Биз эл аралык, регионалдык күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча турумубузду биргеликте координациялап турабыз. Биз “Чоң 20”, Шаңхай кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык жана аймактык бирикмелердин алкагында тыгыз кызматташып турабыз. Бул биздин мамлекеттер үчүн өтө пайдалуу деп эсептейм”,-деди Дмитрий Медведев.

Соңку жылдары Орусия жана Кытай кызматташтыкты чыңдаганга аракет кылып келишти. Ошол эле учурда региондогу таасирдүү бул эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык таймаш буга улам тоскоол болуп келген. Кытайдын башчысы Ху Цзинтао медиа каражаттарына жасаган бүгүнкү билдирүүсундө жалпы региондун кызыкчылыгы кызматташтыктын маанилүү бөлүгү экенин кыйыткандай болду.

"Эки тарап биргелешкен стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр. Бул аракеттер эл аралык стабилдүүлук жана балансты сактоо стратегиясынын, глобалдык каржылык кризистин капшабын толугу менен жоюу аракеттеринин алкагында болмокчу”,-деди Ху Цзинтао.

Кытайдын «Синхуа» мамлекеттик маалымат агенттиги Ху Цзинтаого шилтеме жасап, эки өлкөнүн ортосундагы соода юань жана рубль валюталарында гана жүргүзүлө турганын кабарлады. Орусия да, Кытай да улуттук акча валютасын глобалдык деңгээлге чыгарууну каалайт. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү быйыл жыл этегинен тарта ич ара соода-сатык алакаларында өздөрүнүн гана улуттук валютасын колдонушарын айтып келишкен.

XS
SM
MD
LG