Рашид Нургалиев сынак учурунда террордук актылар же башка зордук-зомбулуктарга жол бербөө үчүн милиция кам көрүп атканын белгиледи. Орусиянын Ички иштер министрлиги бул күндөрү ФСБ жана чет элдик коопсуздук кызматтары менен биргелеше иш алып бармакчы.
«Евровидение-2009» ырчылар сынагына катышуу үчүн Москвага 42 өлкөдөн бери дегенде 5 миң чет элдиктердин келери күтүлүүдө. Ырчылар жарышы 12-майда башталып, 16-майда аяктайт. Ырчылар 11 конок үйлөрүндө жайгаштырылат.
Генерал Николай Трифоновдун айтымында, 2-майдан тарта күн сайын 8 жарым миң милиция жана жеке менчик коргоо ишканалардын кызматкерлери күзөткө чыга баштады. Шаардык бөлүм өкүлү Вячеслав Козловдун белгилешинче, бул күндөрү Москвадагы селсаяктарды шаардан 101 чакырым аралыкка чыгаруу иштери башталды. 1980-жылы Москвада Олимпиада оюндары башталар алдында да ушундай көрүнүштөр болгон.
“Евровидение-2009” сынагына даярдыктар дурус болгонун ички иштер министри Рашид Нургалиев мындайча белгиледи:
- Сынак учурунда күн сайын анын коопсуздугу жана тартип сактоо боюнча милиция же кошумча күчтөрдөн 20 миң кызматкер иш аткарып турмакчы.
Кызык жери, сынак аяктай турган күнү – 16-майда орусиялык бачабаздар өз укугун коргоо максатында Москвада парад өткөрүүнү болжолдоп жатат. Орусиянын “Сексуалдык азчылык” кыймылынын жетекчиси Николай Алексеев Independent гезитине “көчөгө 500 киши чыгат” деп билдирген. Ал эми “Азаттык” үналгысына Алексеев акыркы төрт жылдан бери 170 жолу нааразылык акциясын өткөрүүгө аракет жасалганын, бирок бийлик уруксат бербегенин айтты. Алексеев уруксат берилбесе да 16-майда акция өткөрүшөрүн кошумчалады.
The Moscow Times гезитинин жазганына караганда, Москванын мэринин орун басары Валерий Виноградов “аларга көрүлө турган чара абдан катуу, бирок мыйзам чегинде болот” деп айткан.